Акыркы макалалар

Нарын театрында Султан Раевдин "Маң" драмасы коюлду

Нарын театрында Султан Раевдин "Маң" драмасы коюлду

"Маң" — Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасына театралдык инверсия.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын академиялык театрында биринчи жолу "Маң" драмасы коюлду. Бул тууралуу чыгарманын автору, драматург Султан Раев өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды.

Автор спектакль татаал, философиялык-авангарддык чыгарма экенине карабай, аталган театрдын актерлору ролдорду жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ыраазы экенин айтты.

"Театрда чыгармачыл атмосфера мыкты жолго коюлганын көрүп сүйүндүм. Мындан 20 жыл илгери так ушул театрда драматург катары, кийин режиссер катары тушоом кесилип, ушул ыйык сахнадан өсүп чыктым эле. Нарын театры — менин өнөр дүйнөсүндөгү учкан уям. Бул театр мен үчүн кымбат! Нарын театрынын артисттери жогорку чеберчиликте аткарды", — деп жазган Раев.

Ошондой эле драматург ага драманы коюуга режиссер-коюучу катары Жалил Мидинов жардам бергенин кошумчалаган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...