Акыркы макалалар

Кыргызстан ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен эң аз эмгек акы алат

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен эң аз эмгек акы алат. Бул тууралуу аталган биримдиктин комиссиясы чыгарган маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, орточо эмгек акы Орусияда 712, Казакстанда 472, Беларусияда 446, Арменияда 355, Кыргызстане 212 долларды түзөт.

Бир жыл ичинде орточо айлык акынын көрсөткүчү Беларусияда 19,1%, Орусияда 12%, Казакстанда 8,7%, Кыргызстанда 6,5%, Арменияда 5,7%, көтөрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...