Акыркы макалалар

Шамалдуу Таш-Көмүр шаарында алгачкы ирет күнөскана курулду

Шамалдуу Таш-Көмүр шаарында алгачкы ирет күнөскана курулду

Таш-Көмүр шаарында алгачкы ирет күнөскана курулду. Аны шаар тургуну Абдирашит Кочкоров женилдетилген насыя алып түптөгөн. Күнөскананын жалпы аянты эки сотыхтан ашып, ал жерге бадыраң жана помидордун көчөттөрү тигилген.

Кочкоров көптөн бери күнөскана курууну кыялданып келген. Ал кыялы былтыр гана ишке ашып, короосуна чакан күнөскана курду. Анда алгач жашылчалардын көчөттөрүн өстүрүп сатып жүрсө, быйыл помидор эккен. Эми андан көчөткө караганда көбүрөөк киреше алып келет деп үмүт артып жатат.

“Былтыр күздө мал сатып, банктан насыя алдым. Андан түшкөн акчага ушул күнөскананы кургам. Таш- Көмүрдө шамал катуу болгондуктан, кандай болоор экен деп аябай тынчсыздангам. Катуу шамал болгондо клиёнкаларды учуруп кетейин дейт. Андайда түнү менен уктабай, нары- бери басып эле күйпөлөктөп калам”,- дейт күнөскананын ээси Абдирашит Кочкоров.

Помидор эгип эле тим болбой, мурдагы көчөт өстүрүү ишин да улантып жатат. Учурда жаңыча ыкмалар менен түрдүү өсүмдүктөрдүн, жер жемиштердин уруктарынан көчөт алуунун үстүндө иштеп жатат.

“Мандариндин көчөтүн өстүрүп жатам, бирок мөмө береби же жокпу билбейм. Убагы келгенде билебиз. Көчөттөрдү жумуртканын кабыгына өстүрүп жатам, анда кальций көп болот деп интернеттен окуган элем”,-дейт дыйкан.

Абдирашит мырза “кайрымдуу дыйкан” деген атка татыган. Анткени шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана кадырлуу аксакалдарды акысыз көчөттөр менен камсыздап келет.

“Быйыл бул киши өзүнүн бала- бакырасынан тышкары бүтүндөй шаарды бакты десем болот. Аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө , мечиттерге жана аксакалдарга үч жарым миң помидор көчөт бекер берди”,- деди шаар тургуну Таалай Малабеков.

Дыйканчылыктын сырын терең өздөштүргөн Кочкоров короосунун бир бөлүгүнө кулпунай да эккен. Анын алгачкы түшүмүн алып, аз көлөмдо болсо да базарга сатууга чыгарган. Ал эми жогорудагы помидорлору бышса, Таш-Көмүр шаарынын тургундары өздөрүндө бышкан помидорлор менен камсыз боло баштайт.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...