Акыркы макалалар

“Хадия” дүкөнүндө муктаждарга кийим жана азыктар акысыз берилүүдө

“Хадия” дүкөнүндө муктаждарга кийим жана азыктар акысыз берилүүдө

Ош шаарында алгачкы жолу муктаждарга жардам берүү үчүн ачылган “Хадия” дүкөнүнө бир жыл толду. Дүкөн бир жылдан бери муктаждарга кийим-кече, азык-түлүктөрдү акысыз таратып келет.

“Хадия” дүкөнү Ош шаарынын Амир-Темур аймактык кеңешинде жайгашкан. Ыйык рамазан айын утурлай, дүкөнгө жардам колун сунгандар көбөйүүдө. Дээрлик бир жыл аралыгында Кыргызстандын башка облустарынан да жардам алгандар көбөйдү.

Ош шаарынын тургуну Дилорам айым беш баланын энеси. Ал жолдошу кайтыш болгондон кийин балдарынын баарын кийим менен камсыз кыла албай калгандыктан, “Хадия” кайрымдуулук дүкөнүнө келип кийим-кече алып кетет. Бул ирэт ал кичинекей кызы Хадичага жазгы кийим карап, көңүлүнө төп келгендерин тандап алды.

-Ар ай сайын келип балдарыма баштан-аяк кийим кылып кетем. Өзүбүз келе албасак, Аббас аке өзү азык түлүк алып барып берет. Акча сурасак, акчаны берет, идиш аяк дагы болсо жеткирип беришет.

“Хадия” кайрымдуулук дүкөнүнөн жардам алган жалгыз эле Дилорам айым эмес. Алардын көпчүлүгү жүзүн көрсөтүүдөн тартынышат.

Уюштуруучулардын бири Файзилла Мухтаровдун айтымында, жакында эле кыркка жакын үй бүлөгө ар тараптуу жардамдар көрсөтүлгөн. Муктаж үй бүлөлөрдүн айрымдары тизмеге алынып, азык-түлүк менен камсыздалып турушат.

-Бардык муктаждарга жардам беребиз. Бизге болгону эл башчыдан, жергиликтүү бийликтен справка алып келиш керек. Бизге өлкө аймагы боюнча келишет. Жалал-абад, Нарын, Баткен облустарынан да келишет. Дүкөнүбүзгө колунда барлар, байлар өз жардамдарын беришет. Кээде Түштүк Кореядан кийимдер келет. Каалоочулар болсо бизге буюмдарын алып келсе, биз муктаждарга жеткирип беребиз.

Белгилей кетсек, дүкөндү Амир-Тимур аймактык кеңешинин активдүү тургундары өздөрүнүн эсебинен 2017-жылдын март айында ачышкан. Ошондон бери мүмкүнчүлүгү барлар буюм тайымдар менен толтурушса, муктаж болгон үй бүлөлөр өздөрүнө керектүү нерселерди алып кетишүүдө. Уюштуруучу активисттердин айтымында дүкөнгө бир күндө онго жакын үй-бүлө кайрылат. Дүкөн ишемби жана жекшемби күндөрү саат 10дон 18:00гө чейин иштейт.

Арген Нуров — Ош.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...