Акыркы макалалар

Чолпон-Атада "Run the Silk Road" эл аралык марафону өтөт. Жол 7 саатка жабылат

Чолпон-Атада "Run the Silk Road" эл аралык марафону өтөт. Жол 7 саатка жабылат

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун бир бөлүгү эртең, 12-майда 7 саатка жабык болот. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 16:00гө чейин Бактуу-Долоноту айылынан Корумду айылына чейинки трасса (83-105-чакырымдар) толугу менен жабылат. Бул Кыргызстандын 7-Эл аралык Run the Silk Road марафонун өткөрүүгө байланыштуу.

Чуркоого ар кайсыл өлкөдөн келген спортчулар катышат. Марафон Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда саат 9:00дө башталат.

КР ИИМ ЖКККББсы жарандарды “Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол” унаа жолу аркылуу убактылуу альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...