Акыркы макалалар

Бишкекте жол салуу иштери качан бүтөөрү айтылды

Бишкекте жол салуу иштери качан бүтөөрү айтылды

Бишкек шаарында бир катар көчөлөр оӊдоп-түздөө үчүн жабылып, автоунаалардын жол тыгыны пайда болууда. Калаа тургундары бул шаардыктарга ыӊгайсыздык жаратып жатканын айтып, арызданып жатышат.

Биз борбор калаадагы салынып жаткан жолдор тууралуу Бишкек мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев менен маектештик.

Марал: Нурлан мырза учурда Бишкек шаарында жалпысынан канча көчө оӊдолуп жатат жана кайсы көчөлөр жабылды?

Нурлан Эшенбаев: Бүгүнкү күнү Бишкекте жол оӊдоо боюнча эки долбоор жүрүп жатат. «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» деп аталган гранттардын эсебинен башталган долбоордун биринчи фазасы 49 көчөнү камтыйт. Анын алкагында учурда 32 көчөдө жумуш жүрүп жатат.

«Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» деген экинчи долбоор дагы бар. Негизинен мына ушул экинчи долбоордо борбордук көчөлөрдөгү асфальттардын үстүӊкү катмарын алмаштырууда сиз айтып жаткан көйгөйлөр жаралууда. Буга Чүй проспектисинин айрым бөлүктөрү, Жибек-Жолу, Чыӊгыз Айтматов проспектиси жана Москва көчөлөрү кирет. Бул көчөлөрдө негизинен эл көп каттайт. Ошондуктан маселе жаралды.

Айрым тургундарда «мэрия жол курууну эмне үчүн эс алуу учурунда баштаган жок?» деген суроолор болууда. Бизде азыр бул иштерди жасоого мүмкүнчүлүк болуп турат жана аны баштагандан кийин өзүнүн мөөнөтүндө бүтүрүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан жарандардан убактылуу ыӊгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранып кетет элем.

Марал: Жалпы жонунан канча көчөдө оӊдоо иштери жүрүп жатат жана жол оӊдоо иштери алдын ала пландаштырылганбы?

Нурлан Эшенбаев: Азыркы тапта асфальттын үстүӊкү катмарын алмаштыруу боюнча 11 көчөдө, реконструкция, жаӊы көчөлөрдү көпүрөлөрү менен кошо куруп ачуу боюнча 37 көчөдө жумуш жүрүп жатат. Курулуш иштери Кытайдан алынган гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Биринчи фазадагы жумуш иштери башкача айтканда жаӊы салынып жаткан жолдор быйыл октябрь айына чейин бүтүшү керек. Мөөнөтү мына ушундай чектелген. Ал эми асфальттын үстүӊкү катмарын алмаштыруу иштери эмдиги жылдын октябрь айына чейин каралган.

Биринчи фазадагы долбоор өткөн жылдан бери эле пландаштарылып келе жаткан. Реабилитация иштерине болсо былтыр ноябрь айында кол коюлган. Бул боюнча ММКлардан дагы маалымат берип турдук. Жарандар көп учурда көӊүл бурбай анан качан бул маселеге кабылганда көтөрүшөт экен.

Марал: Жолдор жабылганы менен жол оӊдой турчу кызматкерлер жок, жумуш жүрбөй жатат деген дооматтар дагы көп айтылууда.

Нурлан Эшенбаев: Бүгүнкү күндө аталган эки долбоорду ишке ашыруу үчүн 400дөн ашык техникалар, 1000ден ашык жумушчу жана 150дөн ашык инжинердик курам иштеп жатат. Шаардын аянты чоӊ болгондугуна байланыштуу алардын баары бир эле аймакта иштеген жок. Дагы бир айта кетчү нерсе коммуникацияларды которуу, асфальт төшөөгө чейинки жасалып жаткан жумуштарды жарандар байкабай калышы мүмкүн. Ошондуктан жумуш болбогондой сезилип жатат. Биз 22-апрелден баштап ишти баштаганбыз. Андан бери бир топ иштер аткарылып, айрым көчөлөрдө асфальттын экинчи катмарын төшөө иштерине жетип калдык.

Фото: Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...