Акыркы макалалар

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү мал ылаңына каршы вакциналарды өз каражатына алдырып келүүдө

Нарын облусунда малды дарылоо иш-чараларга карабастан мал оорусу басылган жок. Ат-Башыда бир кутурма, Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда 74 кой күл оорусу менен ооруп 44 ү чыгымга учураган. Ошондой эле Ак-Талаада шарп дартына 28 мал кабылган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн 1-орун басары Касен Асизов билдирди.

Мындан сырткары май айында Кочкор жана Нарын райондорунда кой-эчкилердин кара өпкө (пастереллез) ылаңы катталып, Нарын районунда 327, Кочкор районунда 300 мал өлгөн. Облус боюнча кара өпкө дартына каршы 166 миң 172 баш мал эмделип, дарылоо иштери учурда да уланып жатат. Облуста эпизоотиялык абалдын туруксуз болушунун себебин К.Асизов мамлекет тарабынан каржылануучу вакциналар жетиштүү санда өз учурунда келбегендиги менен байланыштырууда. Анын айтуусунда шарп оорусуна 125 миң 650 доза вакцина керек болсо, 2 миң доза, күл дартына 60 миңден ашык доза вакцина керек болсо анын 20 миң дозасы гана келген. Ал эми бүгүнкү күндө ылаңдаган мал өткөн жылда келген вакциналар менен эмделген.

Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндө кара өпкө ылаңы чыкканда тиешелүү вакцинага өкүл А.Кайыпов өз каражатынан 170 миң сом бөлгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...