Акыркы макалалар

Жарандык көзөмөл "Таза коом" боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынын талап кылды

Жарандык көзөмөл "Таза коом" боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынын талап кылды

Жарандык көзөмөл комитети өкмөттүн "Таза коом" программасынын баардык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүүнү баштайт.

Жарандык көзөмөл комитети тараткан маалыматта "Таза коомдун" алкагындагы "Электрондук документ", "Түндүк", "Акылдуу шаар" программалары боюнча кабарларга байланыштуу мамлекеттин жана элдин киберкоопсуздугуна тынчсыздануу жазылган.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин "Түндүк" долбоору "туура эмес багытта кетип жатат, андыктан өнүгүүнүн мурдагы ыкмасына кайтып келиш керек, кошумча каржыны жана убакытты талап кылат" деген билдирүүсү аны атайлап создуктуруу аракетинен кабар берээри белгиленген.

Ошондой эле билдирүүдө аталган мекеменин "Акылдуу шаар" долбоорунун тендерсиз эле "Кыргызтелеком" ишканасы тарабынан өткөрүлөт деген маалыматынан да шек санаган. Мындан улам Жарандык көзөмөл комитети ачыктыкты камсыздоо үчүн "Таза коомдун" бардык долбоорлоруна мониторингди баштай турганын жарыялады. Ошондой эле "Таза коомдун" ишке ашырылышын талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылды.

​Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган жана анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмай болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...