Акыркы макалалар

Чоӊдордун мүлкү ачыкка чыгыш үчүн иш козголуш керекпи?

Чоӊдордун мүлкү ачыкка чыгыш үчүн иш козголуш керекпи?

Талдоочулар Кыргызстанда чиновниктердин декларациясынын чын-төгүнүн аныктачу механизмдер жок экенин, саясатчылардын бар мүлкү качан гана аларга кылмыш иши ачылганда аны менен кошо ачыкка чыгарын айтышат.

ШАДИЕВДИН МҮЛКҮ, ДЕКЛАРАЦИЯ МАСЕЛЕСИ

Интернетке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Аскарбек Шадиевге жана анын жубайына таандык мүлктөрдү камакка алуу боюнча токтому жарыяланып кеткен. Анда Шадиевдердин 25 банктагы эсептери, 12 ишкана, анын ичинде Шадиев 100 пайыз ээлик кылган беш компания, 50 пайыз ээлик кылган төрт ишкана, Бишкектеги үйлөрү жана бир автоунаасы камакка алынганы жазылган.

Коомдо Шадиевдин дээрлик Кыргызстандагы бардык банктарда эсеби бар экени, өлкөдөгү эӊ ири ишканаларга ээлик кылаары айтылып, талкууланып жатат. Ушундан улам мамлекеттик кызматкерлердин декларациясына байланышкан маселе дагы жанданды. Көпчүлүк жарандар өлкөдө чиновниктердин тапкан-ташыганы ачык көрсөтүлбөйт деп сынга алып келишет. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров бул маселени чечүүнүн жолун сунуштады:

— Мамлекеттик кызматкерлердин эӊ негизги милдети жана максаты мамлекеттин, элдин алдында милдеттерин туура-так аткарып кызмат кылыш керек. Бара-бара автоматташтырылган системага өтүү менен декларация көйгөйүн чечсе болот. Себеби жалпы маалыматтык база түзүлүп, анда мамлекеттик кызматкердин бүт мүлктөрү жана бардык банктагы эсептери тууралуу маалымат болсо кызматкерлердин киреше-чыгашасын көзөмөлдөп турганга жакшы шарт түзүлөт эле.

«ЧОӉДОРДУН МҮЛКҮ ИШ КОЗГОЛГОН АЧЫКТАЛАТ»

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын декларация тапшырып, ал ачык жарыяланат. Чиновниктер мурда кирешеси тууралуу гана маалымат берсе, өткөн жылы кабыл алынган жаӊы мыйзамга ылайык алар чыгашасын дагы ачыктоого милдеттендирилген. Кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев бирок аткаминерлер ар кандай айла-амал менен байлыгын жашырып, аларга качан гана иш козголгондо мүлкү ачыкка чыгарын айтат.

— Акыркы жылдары бизде мамлекеттик кызматкерлердин 90 пайызы декларация тапшырып келген. Бирок текшерүүнүн механизми бүгүгкү күнгө чейин жакшы иштелип чыкпай келет. Бул жылдан-жылга эле кийинкиге калтырылып келген. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлер кирешесин, мүлкүн ачык-айкын көрсөтпөй качан гана ага кылмыш иши ачылып, прокуратура текшергенде ачыкка чыгып калып жатпайбы. Көпчүлүк мамкызматкерлер мүлкүн жашырат. Анткени тапкан кирешесинен анын күткөн мүлкү ар дайым ашык болот.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин декларациясын буга чейин Мамлекеттик кадр кызматы кабыл алып келген. Быйыл жыл башынан бери бул иш Мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн. Коомдо чиновниктер өзүн кагазда «итке минген кедей» кылып көрсөтүп, иш жүзүндө эбегейсиз байлыкка ээ экени нааразычылык жаратып жүрөт. Жогорку Кеӊештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Мирлан Жеенчороев саясатчылар эмнеден улам байлыгын жашыраары тууралуу ой бөлүштү:

— Мамлекеттик кызматта иштегендер өзүнө аябай аз мүлктү каттатат. Анткени укук коргоо органдарында «мүлктү кайдан тапты?» деген суроолор пайда болот. Ошондуктан декларацияда мамлекеттик кызматкер өзүнүн жана жакындарынын мүлкү тууралуу маалымат берет. Анан ага акчаны ишкерликтен таптыбы же көз боёмочулук кылып жатабы деген баа берилет. Себеби Кылмыш-жаза коексинде «мыйзамсыз баюу» деген берене бар. Экинчиден кээ бирөөлөр саясий куугунтуктун айынан мыйзамдуу эле тапкан мүлкүн ачык көрсөтүүдөн коркушат.

ЖЕТИГЕНОВ: САЯСАТЧЫЛАР БАЙЛЫГЫН АЧЫКТООДОН ЧОЧУЛАШАТ

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерүү боюнча өкмөттүн жаӊы токтому иштелип чыкканын жарыялаган. Ошондой эле кызматкерлердин мыйзамсыз жол менен тапкан акчасын кандайдыр бир жол менен чыгымдоого мүмкүн болбой тургандай механизмдер киргизилерин айткан. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбеков февраль айындагы Коопсуздук кеӊешинин жыйынында декларацияны текшерүүнү күчөтүүну тапшырган. Жогорку Кеӊештин депутаты Бактыбек Жетигенов байлыгын жашырган чиновниктердин мүлкүн ачыкка чыгарууга болгон механизмдер бар деп эсептейт.

— Аткаминерлердин кимиси кандай жашырган болсо эртели-кечпи баары бир ачыкка чыгып, көрүнөт. Мисалы мамлекетте министрби, депутатпы кимиси болбосун керек болгон убакта мүлкү ачыкка чыгарылат. Тиешелүү механизмдер бар. Бизде саясатчылар байлыгын көрсөткөндөн чочулашат да. «Аа бул демек уурдаптыр, жептир» деген ойлор болот деп. Мына ушундан чочулашат. Ал эми кайдан, кантип тапканы ал башка маселе.

Башкы прокуратура парламентте жоголгон 30 миӊ долларга байланыштуу 28-апрелде Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козгогон. Башкы көзөмөл органы «Шадиев 2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбесин билип туруп, 30 миӊ доллар бөлүү боюнча төрагага кайрылуу жөнөткөн. Ал кайрылуунун негизинде бөлүнгөн 30 миӊ доллар уурдалып, Шадиев бюджетке 2 млн 61 миӊ сом зыян келтирген», — деп айыптаган. Буга байланыштуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров камалган.

2-майда Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу анын жардамчысы Айбек Эрмеков «Марал» радиосуна кабарлаган. Эрмековдун маалыматында Шадиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө операция жасатуу үчүн кеткен, бирок кайсы өлкөгө кеткени жана Кыргызстанга качан келери боюнча так айткан эмес. УКМК болсо Аскарбек Шадиев расмий түрдө мамлекеттик чек арадан эч жака чыкпаганын айтып келет. Бирок азыркыга чейин ал Кыргызстандабы же чет өлкөдөбү так маалымат жок.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...