Акыркы макалалар

ЖЭБ чуусу: Депутаттык комиссия жоопкер деген жетекчилерди атады (тизме)

ЖЭБ чуусу: Депутаттык комиссия жоопкер деген жетекчилерди атады (тизме)

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комисссия корутунду кабыл алды.

Комиссиядагы талкуу бүгүн кечке уланып, соңунда анын жыйынга катышкан тогуз мүчөсү корутундуга кол койду, калган үчөө иш сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу кол кое элек.

Корутундуда Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөргөн, документтерди иштеп чыккан жана кол койгон, быйылкы кырсык үчүн күнөөлүү деген жетекчилердин ишине саясий жана укуктук баа берүү сунушталды.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, бул тизмеге 30га жакын адам кирди. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгончоков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБнин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар.

Комиссия алардын жоопкерчилигин кароону Башкы прокурорго тапшырды.

Ошондой эле Эсеп палатасы, УКМК жана Башкы прокурорго мекеме аралык топ түзүп, Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылышын, кызмат адамдарынын кытайлык ТBEA компаниясынын өкүлдөрү менен байланышын, сатылып алынган жабдык жана аткарылган иштердин наркынын негиздүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди.

ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга иш сапар менен барган депутаттар тобуна да саясий баа берүү сунушталды.

Буга чейин жоопкерчилиги каралышы керек деген жетекчилердин арасында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун да аты аталып жаткан. Бирок бүгүнкү жыйынга Марипов өзү келип катышып, тиешелүү документтерди көрсөткөн соң ал тизмеге киргизилген жок.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...