Акыркы макалалар

Жалал-Абад аэропортунун жаңы комплекси иштей баштады

Жалал-Абад аэропортунун жаңы комплекси иштей баштады

Жалал-Абад аэропортунун жаңы аэробекеттик комплекси иштей баштады. 7-майда анын ачылышы болуп, ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Жалал-Абад аэропорту 1975-жылы салынып, андан бери имараттары капиталдык түрдө оңдолгон эмес. 2017-жылдын декабрь айында башталган курулуш иштерине "Манас" эл аралык аэропорту 13 млн. сомдон ашык каражат жумшаганы айтылды.

Учурда Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багытында жумасына үч жолу учак каттайт. "Жалал-Абаддын аба майданы талапка жооп бербейт жана жүргүнчү аз" деген жүйө менен бир канча ирет жабылып, кайра ачылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...