Акыркы макалалар

Орусиядагы “Ал бизге падыша эмес” акциясында 700дөн ашык адам кармалды

Орусиядагы “Ал бизге падыша эмес” акциясында 700дөн ашык адам кармалды

Орусияда өтүп жаткан “Ал бизге падыша эмес” аталышындагы нааразылык акциялары учурунда 700дөн ашык адам кармалды. Бул тууралуу “ОВД-инфо” порталы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Орусия президенти Владимир Путиндин инаугурациясына байланыштуу бийликке каршы митингдер 5-майдан тартып өлкөнүн бир катар шаарларында өтүп жатат. Москва жана Челябинск шаарларында бери дегенде 486 адамды полиция кармап кеткени айтылды. Мындан тышкары Якутск, Красноярск, Краснодар, Калуга жана Новокузнецк шаарларында да жүздөгөн адамдар кармалды.

Муну менен бирге нааразылык акцияларынын уюштуруучусу оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Москва шаарындагы акцияга келери менен кармалып кетти.

Эске салсак, Оппозиционер Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында нааразылык акциясына чакырган. Бийлик аталган акциянын өткөрүлүшүнө уруксат берген эмес.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...