Акыркы макалалар

Президентке арыздангандар арбыды

Президентке арыздангандар арбыды

Президентке жарандардан келип түшкөн каттардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга өстү. Артта калган үч айда эле өлкө башчынын атына 3миң 28 кат келип түшкөн.

Жарандардын президентке кайрылуулары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга өстү. Бул тууралуу президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жалпы 3028 кайрылуу түшкөн. Анын 550сү электрондук негизде калтырылган. Бул каттарга мыйзам боюнча 14 жумушчу күндө жооп берилет. Эгер кошумча талдоо, иликтөө иштерин жүргүзүү керек болсо, бул мөөнөт 30 күнгө узартылат.

—Жарандардан келип түшкөн ар бир кайрылууну бөлүмдө абдан дыкаттык менен окуп чыгабыз. Себеби кат боюнча маселени тактап, туура жетекчиликке жеткиришибиз керек. Бул каттардын артында бир эмес, бир канча тагдыр турат. Ошондуктан катты эксперттер мыйзамга ылайык карап чыгып президентке сунулат.

Жалпысынан жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулар тематикасы жана мүнөзү боюнча 9 топкө бөлүнөт. Бул жолу соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча эң көп арыз түшкөн. Андан кийин турак жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча кайрылуу келген.

Бул көрүнүш өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешин өткөргөн алгачкы жыйынынан соң көбөйгөн. Президент ал жыйында жарандардан келген ар бир арызды көзөмөлгө алаарын айтканын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева айтат. Бул өз кезегинде коррупцияны, мыйзамсыз иштерди аныктоого жардам бере турганына токтолду.

—Статистиканы карасак Президентке келип түшкөн каттар Коопсуздук кеңештин отурумунан кийин көбөйгөн. Бул бир жагынан жакшы, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик экенин бөлүмдүн жетекчилиги айтып жатат. Сооронбай Шарипович премьер-министр болуп турганда кийин президент кезинде дагы прессага чыккан фактыларга реакция кылууну өзүнүн иш стили катары карап келет. Эгерде бир далил болсо, бул бийлике өтө чоң жардам.

Бирок президентке келип түшкөн каттардын көпчүлүгүгүндө жергиликтүү бийлик чече турган маселелер көп экендигин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев белгилейт. Ошондуктан кайрылуулар президенттен колуна жетпей мамлекеттик органдар тараптан ыкчам түрдө чечилиши керектигин айтат.

—Кээ бир маселелерди президентке жеткирбей эле чечиш керек. Ал үчүн мамлекеттик структураны, өкмөттүн структурасын өзгөртүү керек. Анын жолдорун жаңы дайындалган аткаминерлер өздөрү иштеп чыгышы керек. Ал кат мага эмес, президентке жазылыптыр деп отургандын өзү туура эмес. Өкмөттүн өкүлдөрү ар бир бийлик бутакта бар. Демек маселе президенттин колуна жетпей чечилиши керек.

Ал үчүн ошол эле президент же жалпы мамлекеттик органдарга келип түшкөн каттар боюнча жаңы ыкма иштелип чыгыш керектигине укук коргоочу Рита Карасартова токтолот. Биринчи кезекте ал мамлекеттик органдардын ишин ошол келип түшкөн каттар боюнча баа берүү системасы туура дейт. Анда каттарга жазылган жооп гана эмес, катта көрсөтүлгөн маселени чечүүдөгү ишке көңүл буруу турганын төмөнкүчө айтып берди.

—Мен суроо-талап боюнча канча кат жаздым. Бирок анын жарымынан көбүнө жооп келген жок. Бул маселе боюнча мен сотко кайрылышым керек болуп жатат. Сотко кайрылсам, көп убакытты алат. Экинчиден каражат, нерв көп кетет. Ошондуктан мамлекеттик кызматтын ишин жарандар тараптан келген каттарга жооп берүү боюнча баалаш керек. Ал жерде жөн гана жооп берилди эмес, каттал жазылган маселенин чечилишине караш керек.

Маалыматка ылайык, жарандар, президентке кайрылууларын почта аркылуу (Бишкек ш, Чүй проспектиси 205) же электрондук түрдө (president.kg) дарегине жиберсе болот. Мындан сырткары, коомдук кабылдамага кайрылып каттарын тапшыра алышат. (0312) 62-23-78 номуру аркылуу кеңири маалымат ала алышат.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путинге келген каттарды карасак, 2018-жылдын I кварталына 307 миң 580 кайрылуу, 87миң 268 маалыматтык суроо жана 96миң 769 кат жөнөтүлгөн. Бул көрсөткүч 2016-17-жылдарга салыштымалуу өскөн. Каттардын дээрлик 60 пайыздан ашыгы мамлекеттик кызматтардын электрондук форматка өтүшү боюнча калтырылган.

Ал эми коңшу Өзбекстандын президенти жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн атайын вертуалдык кабылдама ачкан. Ал gov.uz өкмөттүк порталынын алкагында премьер-министрлик кызматта турган кезинде ачкан. Бүгүнкү күнү бул порталдын жаңы үлгүсү 1-февралдан баштап тесттик режимде ишин баштады. Президент мененки вертуалдык жолугушууда жарандар үчүн атайын кабинеттер ачылат. Ал жерде бир адамдын каттары бир жерге топтолот. Бул жайда ар бир мамлекеттик жетекчиге дагы суроо калтырууга болот. Ошондой эле жарандарга онлайн консультация берилип, жарандардан сунуштарды кабыл алат. Экинчиден 1000 кыска номурундагы чалуулар дагы кабыл алууну улантат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...