Акыркы макалалар

Т.Зулпукаров: «Эгер жеке менчик бала бакчалар көбөйсө, баасы кыйла арызандап, таалим-тарбия берүү сапаты да жакшырмак»

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы «Бишкек шаарында 2014-жылдын 10-майында кол коюлган КР менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк» долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мектепке чейинки билим берүү долбоорун ишке ашыруу багытында эл аралык каржы уюмдары тарабынан 12,7 млн доллар гранттык каражат бөлүнүп жатат. Ал каражатка өлкө аймагындагы мугалимдер 480 сааттык атайын даярдыктан өткөрүлүү менен, 4 жаштан 6 жашка чейинки 100 миң бала мектепке даярдалат.

Ошону менен бирге, баяндамачы долбоордун кеңешчилери үчүн алынган каражаттын 2,6 пайызы же 300 миң доллары бөлүнүп, ага чет өлкөлүк адистер эмес, жалаң жергиликтүү жарандар тартыла турганын айтты. Ал эми вице-спикер Төрөбай Зулпукаров өлкөдө бала бакчалардын жетишсиздигин баса белгилөө менен, ал көйгөйдү чечүү үчүн жеке менчик балдар мекемелеринин ачылышына мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын билдирди.

«Балдарды бала бакчага берүү кыйындап барат. Эгер жеке менчик бала бакчалар көбөйсө, алардын арасында атаандаштык түзүлүп, бала бакчалардын баасы кыйла арызандоо менен бирге, балдарга таалим-тарбия, мектепке чейинки билим берүү сапаты да жакшырмак. Мен бул тууралуу премьер-министрдин өзүнө да айткам, Өкмөткө да бир нече ирет тапшырма берилген. Азырынча жыйынтыгы болбой жатат», - дейт Т.Зулпукаров.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...