Акыркы макалалар

Ири долбоорлорго кеткен каражаттар кайрадан каралып чыгат

Ири долбоорлорго кеткен каражаттар кайрадан каралып чыгат

«Датка-Кемин» энергетикалык долбооруна барчу жолго 600 млн доллар ашыкча жумшалган. Бул малыматты Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

Кыргызстандагы ири долбоорлорго кеткен каражаттар кайрадан иликтенип чыгышы керек. Бишкек жылуулук берүү борборундагы абалдан кийин депуттаттар башка дагы долбоорду дыкат карап чыгуу демилгеси көтөрүлүүдө. «Республика -Атажурт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов буга Датка-Кеминге бара турчу жолго эле 600млн доллар ашыкча сарпталганын ачыктады.

—Биз бир эле ЖЭБ боюнча келишимди карап жатабыз. Азыр Датка-Кемин боюнча маселе бар. Мисалы Кыргызстанда бир чакырым жолго орточо эсеп менен 500 миңден бир бир миллион долларга чейин кетет. Ал эми Датка-Кеминге кетчү жолго жалпысы 600 млн сом ашыкча жумшалган. Ошондо бир чакырым аба чубалгысы 864 миң доллардан айланган. Бул боюнча азыр депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул эбегейсиз каражат. Азыр 386 млн долларды карап жатсак, ал жерде 600млн доллар турат.

Мындай көрүнүштөр бир гана Кытайдан келген акчага эмес, жалпы эле алынган насыядан гранттарга чейин сол чөнтөкө солонуп жатканын экономика илимдеринин доктору Чолпон Алкадырова айтат. Бирок аны токтотууга мүмкүн эмес. Анткен табакташ чиновниктер азыр дагы жогорку кызматтарда отурганын Алкадырова белгилейт. Ал үчүн бир муунду алмаштыруу керек.

—Колдон келсе, ошол акчадан алып калалы деген ой менен баары эле иштеп келатышат. Бул жерле бир эле ЖЭБ же Кытайдын кредиттери эмес, башка насыя, гранттар толтура. Ошол жерде дагы өзүбүздүн эле кишилерибиз инвесторлорду алып келген адамдардан пайыз деп отурушат. Эми алардан кантип арылуу керек билбейм… Ал үчүн балким муунду алмаштыруу керек… Себеби азыр бул иштерге депутаттар дагы, өкмөт дагы аралашып жатат.

Бул иштердин бетин ачуу үчүн биринчи кезекте коомчулукка маалыматтарды ачуу абзел. Долбоорлордун каржыланышы жана акчанын сапталышы жөнүндөгү маалыматтар калкка жетүүсү керек. Ошондо гана бир ууч чиновниктин чөнгөгүнө кеткен каражаттар токтойт. Мындай практика дүйнө жүзүндөгү бир канча мамлекеттерде бар экенине «Transparency international» уюмунун Кыргызстандыга өкүлү Адылбек Шаршенбаев айтып берди.

—Бизге башка өлкөлөрдөн берилген каражат болобу же өлкө ичиндеги акча болобу баары коомчулук тараптан көзөмөлдөнүшү керек. Ал үчүн сөзсүз түрдө мүмкүнчүлүк түзүлүүгө тийиш. Мамлекеттин акчасы кандай долбоорлонуп, кандай сарталып жатат… Адан кийин кандай ишке ашып жатат? Мунун баарында туруктуулук болушу керек.

Эми ири долбоорлорго кеткен каражаттарды кайрадан иликтенип чыгуу сунушталып жатат. Ал үчүн депутаттык комиссия түзүү демилгеси көтөрүлүүдө.

ЖЭБ боюнча маселеде депутаттык комиссия мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен суроо-жооп өткөргөн. Кийинчерээк мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 26-апрелде УКМКга сурак берип чыккан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...