Акыркы макалалар

АКШда кармалган Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудиновдун кайда экени аныкталды

АКШда кармалган Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудиновдун кайда экени аныкталды

Жубайлар былтыркы жылдын октярь айында Америка менен Мексиканын чек арасынан кармалган.

Активист Ренат Самудинов менен келинчеги, журналист Элнура Молдокадырова ушу тапта АКШнын Калифорния штатындагы Аделанто шаарында мыйзамсыз келген иммигранттардын атайын жайында кармалып турат. Бул маалымат АКШнын Иммиграциялык жана бажы полициясынын сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, кыргызстандыктар бул жайда АКШ аймагында жүрүүгө уруксатынын бар-жогу тууралуу соттун чечими чыккыча кармалышат.

Самудинов жубайы экөө былтыр октябрь айында Америка менен Мексиканын чек арасынан кармалган. Тышкы иштер министрлиги Самудинов менен Молдокадырова саясий баш паанек сурап кайрылганын айтып чыккан. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кыргызстандык жарандарга укуктук жардам берүү үчүн өлкөнүн иммиграциялык кызматы менен байланышта экени айтылды.

Ренат Самудинов Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болуп, кийин көз караштардын дал келбестигинен улам партиядан чыгарылган. Молдокадырова Коомдук телерадиокорпорациясында иштеп, бир катар иликтөөлөрдүн автору болгон. Жумуштан өз ыктыяры менен кеткен.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...