Акыркы макалалар

Балага ойдон чыгарып жомок айтып берсе болобу? Аман Кармышаков менен маек

Балага ойдон чыгарып жомок айтып берсе болобу? Аман Кармышаков менен маек

Азыр балдарга жомок окуп берген ата-эне аз болсо керек. Элдик жомокторду билбегендери канча.

Балдар жазуучусу Аман Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына баланын өсүп-өнүгүүсүнө, ой-жүгүртүүсүнө жомоктун канчалык таасир этерин жана балдарга кандай жомок окуп берүү пайдалуу болорун айтып берди.

— Бала тарбиялоодо жомок канчалык маанилүү?

— Балдарды тарбиялоодо эң таасирдүү чыгармалардын бири бул — жомок. Бала тигилип көргөн мультфильм да жомоктун негизинде тартылат. Анын баалуулугу — тарбиялык касиетинде. Кайсы элдин жомогу болбосун, ал баланы улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого, чынчылдык, сылыктык, кичи пейилдик, эр жүрөктүүлүк, сабырдуулук сыяктуу адамдык мыкты сапаттарга тарбиялайт. Жомок уккан наристенин ой жүгүртүүсү жакшы өнүгөт. Анткени жомок угуп жатканда ал каармандарды элестетип алып, анда жашайт. Жомоктогу оң каармандын жашоосун маанилүү деп эсептеп, чыгармага сүңгүп кирип кетет. Балага жомок таасирдүү болуш үчүн китептер түстүү сүрөттөр менен кооздолушу керек. Жомок канчалык кызыктуу болсо, баланын ой жүгүртүүсү да ошончолук жакшы өнүгөт. Аны эне баласына курсакта жаткан кезинде эле окуп бере башташ керек.

— Жомоктун баары эле тарбиялык мааниге ээби?

— Ата-эне балага жомок тандап же мультфильм коюп берип жатканда ага сөзсүз маани бериш керек. Мисалы, жомок тандаарда авторлорго токтолуп, чыгармалардын багыты, максаты жөнүндө да алдын ала кабардар болгону дурус. Бала кандай жомок уккусу келерин ата-эне автордон жакшы билет да. Жаш курагы да эске алынат. Балдар жаш курагы боюнча бөбөк, тестиер, жеткинчек жана өспүрүм болуп төрткө бөлүнөт. Бөбөктөргө көбүнчө кыска-нуска, ачык, так, анан сүрөтү көп китептер ылайык. Жомокто жалаң акыл-насаат айтылбастан, баланын өзүнүн турмушу да камтылышы керек.

— 6 жашка чейинки курактагы балага кандай темадагы жомоктор ылайыктуу болот?

— Аларга "Манасты" окуп берсең түшүнбөйт да. Негизинен бөбөктөргө жан-жаныбар катышкан жомоктор кызыктуу. Ошондой эле динозавр, пил жөнүндө, өзүбүз эле пайдаланган идиш-аяк жөнүндө ойдон чыгарып айтып берсе эмнеге болбосун.

— Ойдон чыгарып айтып берген жомок деле балага таасирин тийгизеби? Китептеги жомок менен айырмасы кандай болуп калат?

— Ойдон чыгарган жомоктор ошол мезгилде баланын кызыгуусун жаратышы мүмкүн. Китепте жазылган жомокто окуя, анан берейин деген тарбиялык мааниси болот. Жазылган жомоктор жөнөкөй, айтып берген жомокко салыштырмалуу алда канча таасирлүү, көркөм. Бирок айрым учурда ата-эне кечке эле китептен окуп бере бербей, оюнан чыгарып, баланын каалоосуна, ой жүгүртүүсүнө жараша жомок айтып берсе деле болот. Эгер ата-эне баласы тереңирээк ой жүгүртүп, фантазиясы күчтүү болсун десе өзү көбүрөөк окуп, өзүнүн фантазия, ой жүгүртүүсүн өркүндөтүшү зарыл.

— Өзүңүз балдар, неберелериңизге жомок окуп бересизби?

— Ооба, окуп берем.

— Көптөн бери жомок жазасызбы?

— Мен 1999-жылдан бери жомок жазам. Эң биринчи чыгармам "Хан дарбыз" деп аталат. Ал да борбор калаадагы №64 мектепте иштеген Гүлнара деген мугалимдин сунушу менен жазылган. Ал мага "агай, окуучуларга ылайык жомок жазып бербейсизби" деп калды. Ойлонуп көрүп, бир күндүн ичинде ошол жомокту жазып бүткөм. Анда жашылчалар аркылуу чоң кишилердин жашоосу чагылдырылган. Жомок балдарды адилеттүүлүк үчүн күрөшүүгө тарбиялайт. Жашылчалар жөнүндө жомок өлкөнүн көп мектептеринде сахналаштырылып коюлуп, 5-10 жылдай сахнадан түшкөн жок. Андан сырткары, "Тоо жомогу" жомоктор топтому, "Пил кантип ыйлады" деген боемо китеп жана башка эмгектерим бар. Мен чыгармачылыгымды балдардын жашоосуна арнап койгом.

— Кыргыз жазуучуларынын ичинен жомок жазган жазмакерлерге да токтоло кетсеңиз?

— Балдар акындары көп эле. Ал эми кара сөз түрүндө жазып жүргөн Сулайман Рыспаев, Бекжылдыз сыяктуу аз эле жазуучулар бар. Негизи эле балдар адабиятына кайрылбаган жазуучу жок. Алар жок дегенде бирден чыгармасын балдар адабиятына арнашкан.

— Окурмандар тарбиялык мааниге ээ, ошол эле учурда мыкты делген жомокторду кайдан тапса болот?

— Бизде Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасы бар. Ал жакта жомоктун түрүн тапса болот. Жомок тандоодо даражасына жараша "алтын", "күмүш", "коло" деген түрлөрү бар. "Алтын жомок" деген бөлүктө мааниси жагынан мыкты делген чыгармалар камтылган. Ошондой эле "Раритет", "Нуска" деген китеп дүкөндөрүнөн да балдардын жаш курагына жараша түрдүү жомок китептерди таба аласыздар.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...