Акыркы макалалар

Кыргызстан жана Өзбекстан чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын жаңы редакциясын бекитишти

Кыргызстан жана Өзбекстан чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын жаңы редакциясын бекитишти

Кыргызстан жана Өзбекстан чек ара ведомстволорунун делегацияларынын жолугушуусунда бейшембиде чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын жаңы редакциясын бекитишти. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматына таянып билдирди.

Тараптар чек ара коопсуздугунун негизги заманбап коркунучтарын талкуулашып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча 2018-жылдын биринчи кварталындагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарышып, чек араны коргоонун актуалдуу маселелерин жана аларды чечүү жолдорун карашты.

Кыргыз-өзбек чек арасында чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын жаңы редакциясы бекитилип, эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун өз ара аракеттешүү багыттары макулдашылды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...