Акыркы макалалар

Түркмөнстан алтын, Кыргызстан коло медаль тагынды

Түркмөнстан алтын, Кыргызстан коло медаль тагынды

Түркмөнстандын волейбол боюнча курама командасы Азия биринчилигинде алтын медаль тагынса, Кыргызстандын курамасы коло медаль утуп алды.

Мелдеш 21-27-апрель күндөрү Бангладештин Дакка шаарында 6 команданын катышуусунда өттү.

Тайпалык этапта Кыргызстандын курамасы жарым финалга чыгып, Бангладеш менен болгон оюнда 2:3 эсеби менен жеңилип калган.

27-апрелдеги финалдык беттеште кыргыз курамасы 3:0 эсебинде непал курамасын утуп коло медаль тагынды.

Эске салсак, кыргыз курамасы 2017-жылдагы мелдеште баш байгени багындырган. Ал эми 2016-жылы күмүш медаль тагынган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...