Акыркы макалалар

Сүйүнбаев орун басары менен бирге кызматынан бошотулду

Сүйүнбаев орун басары менен бирге кызматынан бошотулду

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Болот Сүйүнбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка бүгүн 26-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Сүйүнбаевдин орун басары Исабек Султаналиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Сүйүнбаев аталган кызматка 16-апрелде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен дайындалган. Ал андан мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеп, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгынын негизинде кызматтан бошотулган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...