Акыркы макалалар

"Алай" клубу "Истиклол" клубунан 2:3 эсебинде утулду

"Алай" клубу "Истиклол" клубунан 2:3 эсебинде утулду

Бүгүн Ош шаарында өткөн футболдук беттеште Кыргызстандын "Алай" клубу Тажикстандын "Истиклол" клубунан 2:3 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу "Алай" футбол клубунун медиа офицери Ныяз Ташматов “Азаттыкка” билдирди.

Футболдук мелдеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү. Башында Ош шаарынын футболчулары ыкчам гол киргизип, оюн бүтөөргө чейин тең келатышкан. Оюн бүтөөргө төрт мүнөт калганда гана “Алайдын” дарбазасына дагы бир гол кирип кетип, тажик футболчулары утуп кетти.

Оюн “Азия футбол конфедерациясынын" кубогу үчүн өттү.

Былтыр да кыргызстандык клуб чоң айырма менен тажикстандык клубдан утулуп калган. Учурда эки клуб тең өз өлкөсүнүн чемпиону.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...