Акыркы макалалар

Мүлкү азайган сайын башкаруучусу көбөйгөн мамлекет

Мүлкү азайган сайын башкаруучусу көбөйгөн мамлекет

Талдоочулар Кыргызстанда мамлекеттик мүлктөр азайган сайын аткаминерлердин саны көбөйүп жатканын, бирок алар эмне иш кылат деген суроону коюшууда.

Январь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу үчүн штаттык орундарды 10 пайызга чейин кыскартуу тапшырмасы берилген. Бул боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия дагы түзүлгөн. Бирок андан бери комиссия эмне иш аткарды, кандай жыйынтык болду так маалымат жок. Ал арада Кыргызстанда чиновниктердин саны жыл сайын өсүп жатканы нааразычылык жаратты. Мурунку премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде буларга токтолду.

-Мамлекеттин мүлкү аз калды. Жыл сайын биздин аткаминерлердин саны көбөйүп жатат. Айлыгын дагы көбөйтүп жатабыз. А кимди башкарат булар, эмне иш кылат? Мына Кыргызстанда 1,5 миллиондой балдар, 200 миӊдей студент, 800 миӊдей пенсионер баары болуп 2,5 миллиондой киши. Дагы 1 миллиону Кыргызстандан чыгып, акча табыш үчүн чет жакта тентип жүрөт. Ал эми 2,5 млн кишинин миллиону аткаминер болсо алар кимди башкарат өзү? Азыркылардын санын карагыла анан сапатын карагыла. Канчалык киши көп болсо ошончолук жоопкерчилик жок болот.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт парламенттин сынынан өтүп жатканда айрым депутаттар аткаруу бийлигин кыскартууларга барууга чакырган. Премьер-министр бул маселени талдап чыгаарын убада кылган. Деген менен мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев «кайсы гана өкмөт башчы болбосун кыскартууга бараарын айтканы менен ал ишке ашпай калат», — дейт.

-Борбордук бийлик, регионалдык бийлик, райондук шаардык бийлик өз милдеттерин кандай аткарып жатат ошону карап, функционалдык анализ жүргүзүш керек. Ошондо ким-кимди кайталап жатат билинет. Буга чейин кыскартабыз деп көп жолу айттык. Акаевдин учурунан бери эле кыскартабыз дейбиз. Ар бир премьер-министр келген сайын эле кыскартам деп жарыялайт. Кыскартымыш болот деле жыйынтыгын карасаӊ көбөйүп кеткен болот. А бир мезгилдерде ашыкча кыскартып жиберген учурлар дагы болгон.

Учурда өкмөттө 4 вице-премьер министр, 12 министрлик, 4 комитет, 6 агенттик, 17 мамлекеттик кызмат жана инспекциялар бар. Бул аткаруу бийлигиндеги жогорку органдар гана андан башка дагы бир топ кызматтар иштейт. Өкмөттө бирин-бири кайталаган органдар көп деген сындар айтылып келет. Кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев бул тууралуу биз менен ой бөлүштү.

-Бирин-бири кайталаган кызматтарды, кээ бир учурларда атайын бирөөлөр үчүн түзүлүп калган кызматтарды коомчулуктун пикирин эске алуу менен кыскартышыбыз керек. Министрликтерди, андан кийинки агенттиктерди акырындык менен азайтып, жакшы анализдеп чыгыш керек. Бул жагын жаӊы премьер-министр колго алып, функционалдык анализ жүргүзүп, ошого жараша мамлекет көрсөтүп жаткан кызматтарды коомдук уюмдарга дагы бөлсө болот.

Бирин-бири кайталаган органдарга бюджеттен кошумча каражат кетип жатканы, бирок жыйынтык жок экени айтылып келет. Кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров дагы өкмөт кыскартууларга барыш керек деген ойду колдойт. Бирок ошону менен бирге кызматтан кол жуугандардын маселесин дагы унутта калтырбаш керек деген пикирде.

-Бул маселени жакшы карап, адилетүү чечим чыгарыш керек. Мамлекеттик кадр кызматы дайыма биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин укугун сактоо жана аларга социалдык гарантияларды камсыз кылуу боюнча көп сунуштарды беребиз. Ооба, кыскартуу бул кыскартуу, бирок ошол эле мезгилде кыскартуунун артында жумушсуздук дагы пайда болушу мүмкүн да. Ошондуктан биз көбүрөөк ушул меселелерди эске алып, шарт түзүп берүү тарабын карашыбыз керек.

Кадр кызматынын маалыматында 2018-жылдын январь айына алынган көрсөткүч боюнча Кыргызстанда 16 миӊ 500 мамлекеттик кызматкер, 8 миӊ 500гө жакын муниципиалдык жалпы 25 миӊ кызматкер бар. Мыйзам боюнча кыскартууларда жумушунан алынган кызамткерге 3 айлык кенемте төлөнүп берилет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...