Акыркы макалалар

21 медаль! Таяк тарткандар Борбор Азия чемпионатынан олжолуу кайтышты

21 медаль! Таяк тарткандар Борбор Азия чемпионатынан олжолуу кайтышты

Мелдеш 20-22 апрель күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Анда кыргыз спортчулары 10 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан.

Кыргызстандык таяк тартыш спортунун чеберлери Борбор Азия чемпионатынынан 21 медаль утту. Бул тууралуу мелдеште биринчи орунду ээлеген Азат Таштанбеков билдирди.

Мелдеш 20-22 апрель күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Анда кыргыз спортчулары 10 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан.

Чемпионатта биринчи орунга Азат Таштанбеков (90 кг), Нургазы Барманов (60 кг), Аскат Жунушев (80 кг), Кудайназар Алимов (70 кг), Умар Турдиев (105 кг), Атайбек Келдибек уулу (105 кг), ал эми кыздардан Дилдора Рахманова (85 кг), Айзада Таалайбек кызы (55 кг), Кымбат Нуржанова (65 кг) жана Айганыш Кеңешова (75 кг) ээ болгон.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...