Акыркы макалалар

Сарыбаев: Карыздын ордуна жер берүүгө муктаждык жаралбайт

Сарыбаев: Карыздын ордуна жер берүүгө муктаждык жаралбайт

Кыргызстандын жалпы карызы 4 млрд 402 млн долларга жетти. Анын 3 млрд 885 млн доллары сырткы карыз болсо, калган 517 млн 56 миң доллары ички карызга туура келет. Бул Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 51,1 пайызын түзөт. Тышкы карыз эң көп Кытайдан алынган, ал 44 пайызды түзөт. Муну Кыргызстандын ар бир жаранына бөлө келгенде 283 доллардан тиет. Эми бересени мамлекет качан төлөйт жана бүгүнкү күндөгү коркунучтар тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Күн чекит” программасына маек курду.

Марал: Кыргызстан акыркы беш жылда Кытайдан 2 миллиард долларга жакын карыз алды. Эгер карызды төлөй албаса анын ордуна көп жылдык ижарага жерлерди же болбосо кайсы бир мамлекеттик мүлктү алып коюшу мүмкүнбү?

Айылчы Сарыбаев: Мамлекеттик карыздын эки түрү болот. Эгер мамлекет финансылык абалы начар болсо бюджеттин таңкыстыгын, улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу максатында карыз алат. Кыргызстан 90-жылдардан бери эле Бүткүл Дүйнөлүк финансы уюмдарынан карыз алып келебиз. Эң көп карызды Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк берет.

Бөлөк мамлекеттерден алынган карыздар бюджеттин дефицитин жабуу үчүн эмес, ал түз инвестиция катары берилет. Мисалы, ал карыздар жол курууга, энергетика системасын жакшыртууга жана башка жактарга жумшалат.

Кыргызстан өзү кепил болбой карыз алса алардын баары бюджеттин эсебинен төлөнөт. Тышкы карыздын эң негизги төлөө булагы – бул салыктан түшкөн каражаттар. Эгер бюджеттен төлөөгө такыр мүмкүнчүлүк болбосо ал мамлекет дефолт деп жарыяланат.

Бирок Кыргызстан башка мамлекеттен өзү карыз алып жатса эч качан жерлер, тоолор же мал анын ордуна берилбейт. Тышкы карызды төлөө булагы мамлекеттик бюджет гана. Экономикалык билими жоктор жерибизди алып коёт экен деп чуу салып жатышат.

Марал: Тышкы карыз ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпаш керек деген чек бар эле. Эми аны өкмөт 70 пайызга көтөрүүнү сунуштап жатат, андай болсо Кыргызстан алдыда карыз ала албай калабы?

Айылчы Сарыбаев: Эгерде мамлекеттик карыз эффективдүү пайдаланылса ал 60-70 эмес 200 пайыз болушу да мүмкүн. Мисалы, ошол эле укмуштуудай өнүккөн АКШ мамлекети да экономикасын, финансылык абалын такай тышкы карыз алуу менен же болбосо фондулук рынокко акцияларды чыгаруу менен толуктап келет.

Болгону тыштан алынып жаткан карызды акыл-эс менен пайдаланыш керек. Эгер азыркы карыздар биздин финансылык абалга өтө эле оор келсе анда депутаттар ошону эсептеп чыксын, алар парламентте ошол үчүн отурат да.

Марал: Кыргызстанга келген карыздар канчалык эффективдүү пайдаланылып жатат?

Айылчы Сарыбаев: Кыргызстанга карыздар келип эле жатат, бирок аны жеп коюп жатабыз, карызды эле эмес, насыяларды да жеп коюп жатышат. Мисалы, жолдордун сапаты начар дейбиз, жолдун сапатын жакшыртуу үчүн берилген насыялардын 40-50 пайызына чейинкисин жеп коюп, калганына эптеп-септеп жол салышат.

Ушул эле кырдаал энергетика системасында да бар. Бул тармакка мамлекет өз алдынча болгондон бери 2 млрд доллардан ашык акча жумшалган. Ар бир министр электр энергиясына болгон тарифти көтөрөбүз деп чыгат. Тарифтерди көтөрүүдөн мурун энергетикадагы коррупцияны жойсо, акча каражаты эффективдүү пайдаланылмак.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...