Акыркы макалалар

25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт

25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт

25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...