Акыркы макалалар

Тогуз-Тородо кармалгандардын ичинен 8 киши №50 абакка которулат

Тогуз-Тородо кармалгандардын ичинен 8 киши №50 абакка которулат

Тогуз-Тородо алтын ылгоочу фабриканы өрттөөгө шектүү катары кармалган 12 жарандын сегизи Аламүдүн районундагы №50 тергөө абагына которулат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын сегизи учурда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында, калган төртөө №1 тергөө абагында кармалууда.

Оторбаев аларды Жалал-Абадга которуу боюнча сөз болбогонун кошумчалады. Буга чейин кармалгандардын тарапташтары аларды Жалал-Абадга которуу аракети жүрүп жатканын айтышкан.

Акыйкатчы институту кармалгандардын экөө 1999-2000-жылы туулгандар экенин эске салып, алардын мектеп окуучусу экени бышыкталса өсүпурүмдөр колониясына которуу аракети көрүлөрүн билдирди.

11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашык киши катышкан митинг өтүп, акция учурунда алтын ылгоочу фабрика толугу менен өрттөлүп кеткен. Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде алардын ичинен үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” жөнүндө тилкат менен бошотуп, калган 12 адамды №1 тергөө абагына камакка алган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...