Акыркы макалалар

Түштүктөгү 23 оорукана балдарга чукул жардам берүү жана ымыркайларды багып чоңойтуу үчүн медициналык жабдуу алышат

Түштүктөгү 23 оорукана балдарга чукул жардам берүү жана ымыркайларды багып чоңойтуу үчүн медициналык жабдуу алышат

2о-апрелде “Эненин жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө” аттуу жаңы долбоордун бет ачары өттү. Ош облустук мамадминистрациясында өткөн иш-чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддорунун жетекчилери катышты.

Жаңы долбоор аталган үч облустагы өзгөчө аярлуу үй-бүлөлөрдүн, балдардын жана аялдардын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Бул тууралуу иш-чаранын ачылышында ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо билдирди.

2021-жылдын март айынын соңуна чейин 500 дарыгер, медайымдар жана саламаттык сактоо тармагында иш алып барган 23 уюмдун жетекчилери ымыркайларды жана балдарды дарылоонун, аларга кам көрүүнүн заманбап усулдары боюнча практикалык билим алып, аларга жаңы санарип технологияларды өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле 10 ооруканада суу менен жабдуу, жылытуу жана санитардык системалар оңдолот. Мындан тышкары баланы багуу боюнча практикаларды жакшыртуу максатында жергиликтүү жамааттар деңгээлинде ата-энелерди окутуу пландалып жатат.

“Жапон Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНИСЕФ жана КР Саламаттык сактоо министрлиги балдарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын системалуу жана туруктуу түрдө күчтөндүрүү үчүн бардык аракеттерин бириктиришет. Ошондой эле оор абалдагы ымыркайларга жана балдарга чукул жардам берүү, аларды дарылоо жана багып чоңойтуу максатында өлкөнүн түштүгүндөгү 23 ооруканага балдардын өмүрүн сактап калуу боюнча медициналык жабдууларды сатып беришет”, — деп белгиледи Юкиэ Мокуо. “Бул саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрү баарына жетимдүү болууга жана коомдун өнүгүүсүнө багытталган так жолго түшүүгө салым кошот деп ишенем. Мындай коомдо бир да эне жана бир да бала жардамсыз калбайт”, — деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...