Акыркы макалалар

«40 кадамдын» келечегин эмне күтөт…

«40 кадамдын» келечегин эмне күтөт…

Сапар Исаков баштаган долбоорлор улантылабы? «40 кадам» долбоору, анын ичинде «Таза коом» баштаган программаларды кийинки өкмөт ишке ашыра алабы? Төмөндө ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.

Өкмөттүн башына дайындалып жаткан ар бир премьер-министр өз программасы менен келет. Бул салтка айланган көрүнүш. Анда программанын атынан баштап, жетишиле турчу ийгиликтер бир картага түшүрүлөт. Бирок Кыргызстандагы өкмөт башчылардын дээрлик бардыгынын бул пландары толук кандуу ишке ашырылбайт жана уланбайт.

Бул жолку өкмөт дагы мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун программасын улантаарын убада кылды. Парламентте өткөн жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Таза коом» долбоорунун алкагында өкмөттү санариптештирүү колго алына турганын белгиледи.

—Убакыт жана каржы ресурстары талап кылынса да өкмөттүн башкаруу системасында кесипкөйлүк принцибине басым жасоо керек. Ошондой эле мурунку программалар анын ичинде «Таза коом» долбоорунун алкагында башталган башкаруу процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү жумуштарын улантышыбыз керек.

Бирок айрым эксперттер мурунку өкмөт иштеп чыккан программаны жаңы дайындалган өкмөт улантып кетүүсүнөн күмөн санашат. Экономист Азамат Аттокуров мунун бирден бир себебин өкмөттүн жаңы курамында реформа жасай тургандар аз экенине байланыштырат. Ошондуктан чоң секириктер менен жетишиле турган долбоордун иш жүзүнө ашышына күмөнү бар.

—Менин оюм боюнча буга чейинки өкмөт баштаган иштер улантылышы керек. Анткени бул программанын артында канчалаган эксперттер иштеп көп жумуштар кылынган. Бирок азыркы өкмөттүн курамын көрүп туруп, долбоорду андан ары алып кетээрине көзүм жетпейт. Булар реформа жасай тургандар эмес. Жаңы дайындалган жекетчилер консерваторлор. Арасында жаңыча ойлонгон эч ким жок. Ошондуктан чоң реформаны күтүү кыйын.

Программалардын ишке ашпай ара жолдо калганы бул экономикага залакасын гана тийгизет. Себеби өкмөт түздөн-түз экономикага жооп берүүчү орган болгондуктан, көп келишимдер кабыл алынган долбоорлорго карап бекилет. Ошондуктан анын аткарылышы ар бир ишканадан баштап өтө чоң мааниге ээ. Кай бир себептер менен ал программанын иши токтотулган болсо, алдыга карай ташталган үч кадамдын экөөсү артка кетет. Натыйжада ишке ашпаган программалардын пайдасынан зыяны көп болоорун Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊештин катчысы Умбриель Темиралиев айтты.

—Өкмөттүн таркаганы экономикага түздөн-түз зыяны бар. Жөн эле максаттар коюлуп, иштебеген программалар кабыл алынып калат. Анткени өкмөттүн башына келген ар бир премьер-министр өзүнүн программасы менен келип жатпайбы… Мунун эч кандай пайдасы жок. Ансыз дагы бизде алдыга жылуу процесси өтө жай жүрүп жатса… Буга кошумча анын ишке ашпай калганы программалардын эч кандай кереги жок экенин далилдейт. Дал ушундай жагдайлар алдыга ташталган кадамдарды эки эселеп артка кетирип жатат.

Мындай көрүнүштөрдү кайталап калбаш үчүн биринчи кезекте өкмөт башчылык кызматка белгилүү бир мөөнөттү бекитүү керектигин экономист Искендер Шаршеев айтат. Ал үчүн долбоордук башкарууну эске алуу керек. Ошондо гана ар бир премьер-министрдин кызматтык мөөнөтү так бекилет жана ошого жараша иш пландар иштелип чыгат. Эгер бул мөөнөткө белгиленген пландар аткарылбаса гана башка өкмөт башчы дайындалганы туура. Бул кадам өз кезегинде белгилүү бир жыйынтыктарга алып келе алат.

—Бүгүнкү күнү айрым уюмдар буга чейинки өкмөт баштаган долбоорлорго акчасын берген. Айрымдары башталып калган. Эми ошол иштер аягына чыгабы? Албетте бул суроо боюнча калат. Кыргызстанда ишке ашпай калган долбоорлор абдан көп. Эмнегедир ошол долбоорлордун мөөнөтү каралган жок. Иштелип жаткан долбоор даяр болуп, жарыялангандан кийин эле калып калат. Бул эң чоң проблема. Эгер чыны менен өнүгүп-өсөбүз десек, долбоордук башкарууну эске алышыбыз керек. Кабыл алынган долбоорлорго мөөнөттөрдү бекитип, ошого толук убакыт берүү керек. Бул мыйзам менен бекитилиши керек.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков баштаган команда «Жаңы доорго кырк кадам», анын ичинде «Таза коом» долбоорун демилгелеп чыккан. Анын негизги багыты катары өкмөттүн ишин сапарипке өткөрүү максаты коюлган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...