Акыркы макалалар

Бажы кодекси мыйзамсыз товар алып өтүүгө бөгөт койду

Бажы кодекси мыйзамсыз товар алып өтүүгө бөгөт койду

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кириши менен өлкөлөр ортосундагы чектөөлөр алып салынды. Бул ЕАЭБдеги беш мамлекетке тийиштүү болду. Жеңилдиктер Казакстан менен чек ара өткөрүү пунктарынан байкалды. Биринчи кезекте эки өлкө ортосунда бажы кызматтарыны толук алынып салынган. Мындай келишим өлкөлөр ортосундагы элдин агымын көбөйткөнүн Чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурлан Жалбыев айтты.

—Быйыл Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине үч жыл болот. Кыргызстандын биримдикке кириши менен кыргыз-казак чек ара тилкесинде айрым өзгөрүүлөр болду. Азыркы убакта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан көзөмөл өткөрүү жайларында текшерүүчү органдар алынып салынды. Бул жылдар ичинде чек ара кызматы биздин чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп, ирээтке келтирүү аракеттерин көрүп келе жатабыз.

Ошону менен бирге эки өлкө ортосунда сооданын көлөмү дагы өстү. Анткени товарды алып өтүүдө бажы алымдарын жыйноо токтотулду. Экинчиден чек арада текшерүүлөр жеңилдеди.

Муну Талас облусундагы жеке ишкер Мырзакан Давлеталиев байкады. Өзү Таласта сүттөн май жана кургак сүт чыгарып келет. Продукциясынын дээрлик баардыгы Орусияга жөнөтүлөт. 2016-жылы Давлеталиев жетектеген «Талас сүт» ишканасы 100 тонна продукция чыгарган болсо, 2017-жылы анын көлөмү 250 тоннага жеткен.

—Продукциябызды лабораториядан өткөрүү үчүн Бишкектен экспертиза кылабыз. Ошол жактан толук анализ кылып, анын негизинде ветеринардык сертификатты алабыз. Аның болсо эле эч кандай тоскоолдук жок. Орусиядагы кардар менен түзүлгөн келишим менен жөнөтө бересин. Кептин баары кардарларда. Эгер таап алган болсоң эч кандай маселе жок. Бир күндө эле документ иштерин бүтүрүп коюга болот.Буга чейин ЕАЭБдин декларациясын Орусиядан алып келгенбиз. Эми Кыргызстан өзү Бишкек шаарынан бере баштады.

Давлеталиев өндүргөн продукция биримдиктеги башка өлкөлөрдөгү сүт продукцияларынан айырмасы чоң. Экологиялык жактан таза деп бааланат. Мактоолорду кардарлары тараптан арбын угат. Анткени Кыргызстандан чыккан май жана кургак сүткө химиялык заттар өтө аз көлөмдө кошулат.

Бул продукциялардын сапатын текшерүү үчүн республикада жалпы 28 лаборатория болгон. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу менен алардын саны 19 га кыскартылган. Анын экөөсү улуттук статусун алып, эл аралык талаптарга жооп бергендей жабдылган. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна айтып берди.

—Биздин лабораториялар өткөн кылымдын 60-70-жылдардагы жабдуулар менен кала берген. Адистер ошол классикалык ыкма менен иштеп келишкен. Ал эми кийинки убактагы жаңы жабдууларга эч кандай жооп берген эмес. Ошондуктан биз лабораторияларды толук оптимизация кылдык. Өкмөттүн атайын токтомунун негизинде биздеги 28 лабораториянын 19 калтырылды. Анын экөөсү Бишкек жана Ош шаарларында жайгашып, улуттук деңгээлдеги статусу бар. Бул лабораторияларды Эл аралык стандартка жооп берген абалга алып келүү үчүн Орусия 127 млн доллар каражат бөлгөн. Ошол каражаттын эсебинен бүгүнкү күнү дагы жабдылып жатат. Мындан сырткары өкмөт тараптан 172 млн сом бөлүнүп берилген.

Улуттук статусту алган эки лабораториянын жабдуу иштери үчүнчү этабка келди. Эми дагы 59 жабдуу алынып келиши керек. Бул ушул жылдын жазында толук келип бүтөт жана Эл аралык баардык талаптарга жооп берген абалга жетет.

Ал эми калган аймактардагы лабораториялар ушул күзгө чейин толук жабдылып бүтөт. Андан кийинки иш ар бир облустун борборуна толук жабдылган лабораторияларды куруу менен башталаарына Калысбек Жумаканов токтолду.

—Андан сырткары төрт лабораторияны Баткен, Талас , Каракол жана Балыкчы шаарларына жаңы салдык. Бул лабораториялар баардык талаптарга жооп берет. 12 лаборатория болсо, толук капиталдык оңдоодон өттү. Мунун баары өкмөттүн акчасына жасалды. Бүгүнкү күнү премьер-министрдин тапшырмасы менен каржы министрлиги 350млн сом бөлүп бергени турат. Каражат келсе эле жаз айларында бүткөрүлөт.

Лабораториялар четинен ирээтке келтирилип жатканы менен сүт продукциясын чыгарган ишкерлерде маселе бар. Эң көйгөйлүү болуп уйлардын аз санда болушу турат. Анткени Орусиядагы кардарлар жылдан жылга чоң көлөмдөгү буюрмаларды бере баштады. А бирок Таластагы уйлардын сүтү жетпей калууда. Ошондуктан «Талас сүт» ишканасы аймактагы дыйкан-фермерлерге уйду насыяга алып берип жатат. 2017-жылдын эки айында эле ишкана 32 млн сомго уй алып берген. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Мырзакан Давлеталиев айтты.

—Бүгүнкү күнү биздин ишканада сүт жетишсиздиги бар. Көп учурда сүт таппай калып жатабыз. Баасы дагы көтөрүлүп кетет. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн жолун иштеп чыктык. Былтыртан баштап жергиликтүү элге уйду насыяга алып берип жатабыз.

Жалпысынан Евразия экономикалык биримдик Кыргызстандын чек ара жана бажы постторунда ирээтке келтирүүдө. Айталы быйылкы жылдын 1-январдан баштап, биримдиктин жаңы бажы кодекси күчүнө кирген. Анын негизинде бүгүнкү күнү өлкөгө сырттан кирген жүктөр компьютерге киргизилип көзөмөлгө алына баштады. Бул өз кезегинде ачык айкындуулукту камсыз кыла турганын экономист Жумакадыр Акенеев белгилейт. Натыйжасын жарым жыл айланбай бажыдан түшкөн каражаттын көлөмүнөн көрүлүп жатканын айтты.

—1-январдан баштап биз жаңы бажы кодексти пайдаланып калдык. Чек арадан Кыргызстанга кирген товар компьютерде көзөмөлгө алынат. Мурун андай жок болчу. Азыр бул ЕАЭБдин талабы болуп калды. Мында жүк кайдан келе жатканын баштап унаанын номери, ичинтеги товар толук каралып турат. Бул мыйзамсыз ташууларга бөгөт коюп бюджетке түшкөн каражатын көлөмүн көбөйтөт. Келечекте ошол каражат менен мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүүнү шарттайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан уюмга 2015-жылы 9-майда бешинчи мамлекет болуп кирген. Бүгүнкү күнү беш мамлекет ортосунда экин соода жүгүрүү, жарандарга жеңилдик берүү менен бирдиктүү талаптар ишке кирип жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...