Акыркы макалалар

Парламентти “саясий өлүккө” айланды деген Сапар Исаковду Каныбек Иманалиев жазасыз калбашы керек деди

Парламентти “саясий өлүккө” айланды деген Сапар Исаковду  Каныбек Иманалиев жазасыз калбашы керек деди

Мурунку Өкмөт башчы Сапар Исаков кеткенден кийин “Апрель” телеканалына парламент тууралуу кандай ойдо экенин айтып кетти. “Парламент саясий өлүккө айланып баратат. Ал жакта 120 өлүк олтурат” леп айткан С. Исаков кечээ, 19-апрелде.

Депутат Каныбек Иманалиев төраганы буга саясий баа берүүсүн өтүңдү.

“Регламентке ылайык, парламенттин беделин коргоого төрага милдеттүү. Сиздин оюңузча, Жогорку Кеңеште чын эле 120 өлүк отурабы? Парламенттин намысын кантип коргойсуз? Сотко бересизби, саясий эркиңиз жетип, кечирим суратасызбы же билдирүү жасайсызбы? Саясий позицияңызды аныктап коюңуз” деди Каныбек Иманалиев.

Спикер Дастанбек Жумабеков Сапар Исаковдун айтканы боюнча мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...