Акыркы макалалар

Абдил Сегизбаев отставкасы тууралуу үн катты

Абдил Сегизбаев отставкасы тууралуу үн катты

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Дело №» гезитине интервью берип, эмне себептен отставкага кеткенин айтып берди. Ошондой эле ал өзүнүн Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиги тууралуу кептерге да токтолду.

Сегизбаев кызматтан кетүүсү мурунтан пландаштырылганын айтып, бирок себебин ачыктаган эмес.

Муну менен катар, отставкага кеткенине өкүнбөй турганын, башка чиновниктер да татыктуу түрдө кызмат тапшырууну үйрөнүшү керектигин билдирген.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын аймагында гана жашап жатканын, эч жакка кетпей турганын кошумчалаган. Ал эле эмес, өлкөнүн коомдук жашоосунан алыстабай турганын билдирген.

Сегизбаев кызматта кезиндеги ишке ашырган ийгиликтүү иши катары президенттик шайлоонун тынчтык менен өтүүсүн камсыз кылганын белгилеген.

Эске салсак, Абдил Сегизбаев 7-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттетин төрагалыгынан өз арызынын негизинде кеткен.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...