Акыркы макалалар

Инаугурациядан кийин Путиндин Кыргызстанга расмий сапары күтүлүүдө - элчи

Инаугурациядан кийин Путиндин Кыргызстанга расмий сапары күтүлүүдө - элчи

Россиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путиндин инаугурациясынан кийин анын Кыргызстанга расмий сапары пландалууда. Бул тууралуу Россиянын КРдагы элчиси Андрей Крутько Бишкекте КР ички иштер министринин орун басар Курсан Асанов менен жолугушууда билдирди.

КР ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашып, ушул багытта кызматташууну бекемдөө тууралуу сүйлөшүштү.

Курсан Асанов өз сөзүндө, өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин кызматташуусун өнүктүрүү боюнча расмий иш сапары менен барганы чоң таасир тийгизди деп билдирди.

Андан сырткары, ички иштер министрлигинде жүрүп жаткан реформа боюнча чаралардын негизинде министрдин орун басары К. Асанов Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин полиция ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүүгө кызыктар экендигин билдирип кетти.

Ошондой эле, эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин кызматашуусунун негизинде Россиянын ИИМи тарабынан 26 миллион рубльга жакын акча каражатына жардам көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарымдуу элчиси А.Крутько эки министрликтин кызматташуусу бекемдеп жаткандыгын билдирүү менен Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин инаугурациясынан кийин кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келүүсү пландалып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу, эки өлкөнүн ички иштер министрлигинин укуктук маселелер боюнча өкүлдөрү боюнча мамлекеттер аралык макулдашууга кол коюу маанилүү экендигин билдирди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...