Акыркы макалалар

ЖАМК: Текебаевге кысым көрсөтүлгөн жок

ЖАМК: Текебаевге кысым көрсөтүлгөн жок

Мурунку депутат Өмүрбек Текебаевге абакта кысым көрсөтүлүп жатат деген маалымат калп. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, абакта Өмүрбек Текебаевге эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Ал 47-колонияга которулуп келгенде эле анын жанына камерага бир адам кошулган. Ошол убактан бери эле экөө чогуу бир камерада кармалып турат. Башка камерага которуу же алар кармалып турган камерага башка адамдарды алып келүү маселеси да көтөрүлгөн эмес.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевге түрмөдө кысым башталганын айткан болчу.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...