Акыркы макалалар

Текебаевге түрмөдө кысым башталганы айтылды

Текебаевге түрмөдө кысым башталганы айтылды

Мурунку депутат Өмүрбек Текебаевге түрмөдө кысым башталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеӊештин трибунасынан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты. Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө буга тезинен реакция кылууга чакырды.

-Мага жаӊы эле маалымат келип түштү. Текебаевге 47-колонияда кечээтен баштап кысым башталыптыр. Токтоосуз түрдө ЖАМК жетекчисине байланышкыла. Башка камерага которобуз, үстүнө кайдагы бир адамдарды кошобуз деп жатышыптыр. От менен ойношпосун.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев буга чейин камерада өзү жалгыз кармалып келген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...