Акыркы макалалар

Кыргызстан дүйнөнүн күчтүү армияларынын тизмесинде 17 сапка жогорулады

Кыргызстан дүйнөнүн күчтүү армияларынын тизмесинде 17 сапка жогорулады

Былтыр кыргыз армиясы 108-орунда болчу.

Кыргызстандын армиясы бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулаганын Global Firepower аналитикалык компаниясынын расмий сайтында жарыяланды.

Былтыр республика 127 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээлеген. Быйыл күчтүү жүз армиянын катарына кирип, тизменин 91-сабына илинди.

Отчеттун түзүүчүлөрү кыргыз армиясы 150 танкка, 438 БТРге, артиллериянын 159 бирдигине, 21 ракета учуруучу түзүлүшүнө ээ экенин жазган. Мындан тышкары, алты тик учактын экөө аскердик экени белгиленген.

Рейтингде алдыңкы үч орунду АКШ, Россия жана Кытай ээлеген. Ал эми Борбордук Азия мейкиндигинде жалпы тизмеде 39-орунду ээлеген Өзбекстан көч башында. Анын артында 50-орун менен Казакстан турат. Үчүнчү сапка 80-орундагы Түркмөнстан чыкты. Ал эми Тажикстан (96-орун) Кыргызстандан беш сапка ылдый турат.

136 мамлекеттин аскердик дарамети 55 параметрдин негизинде аныкталган. Эң башкысы — аскерлердин саны, географиялык абалы, резерви, мамлекеттин курал-жаракка жумшалган каражатынын көлөмү, кургакта, сууда жана абада согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн техниканын саны болгон.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...