Акыркы макалалар

Исаков: Атамекендик 43 ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө өздөрүнүн продукциясын жибере алышат

2017-жылдын аягында ата мекендик 43 ишкана ЕАЭБдеги Ишканалардын реестрине киргизилди. Эми бул ишканаларга ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташууда жана жеткирүүдө чек коюлбайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттары ЕАЭБ аймагында башка өлкөлөрдүн, ага КМШ жарандарын кошуп караганда, салыштырмалуу төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ: иштеш үчүн патент албайт; мигранттар жана алардын үй-бүлөсү социалдык камсыздоого тең укуктуу; милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ (ОМС); биздин жарандар жумушка орношкондо алардын квалификациясы жөнүндө документтер толугу менен таанылат; биздин эмгек мигранттарыбыз жеке жактардын кирешесинен алынуучу салыктарды ошол өлкөнүн ставкасы боюнча төлөшөт (Россияда – 13%). Ал эми ЕАЭБге кирбеген мамлекеттердин жарандары Россияда 30% төлөшөт», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр Сапар Исаков мындай преференциялар мигранттарыбызга айлыгы жакшы жумуштарга орношууга жардам берип, алардын социалдык шарттары жакшыртып жана анын жыйынтыктарын өлкөбүзгө акча которуулардын 24%га өсүшү көрсөтүп жатканын белгиледи. Жалпысынан алар 2,4 млрд доллар которушкан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...