Акыркы макалалар

Өкмөттүн акчалай компенсация төлөө тартиби жеңилдетилди

Өкмөттүн акчалай компенсация төлөө тартиби жеңилдетилди

Өкмөттүн акчалай компенсация төлөө тартибине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ай сайын жөлөк пул алуу үчүн зарыл болгон документтердин саны кыскарды.

Өзгөртүүлөр киргенге чейин акчалай компенсация катталган жери боюнча дайындалган. Жыл сайын компенсация алуучулардан жашаган жеринен маалымдама талап кылынчу. Компенсация алуучулардын көпчүлүгү кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер болуп, алар документтерди кагаз жүзүндө тапшырып турушкан.

Жаңы жобого ылайык, акчалай компенсация жашаган жери боюнча арыз берүүнү талап кылбайт.

Мындан тышкары, жергиликтүү мекемелер мүмкүнчүлүгү чектелген жактар тууралуу тастыктаган маалыматты өз алдынча уюштура алат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...