Акыркы макалалар

Бишкектин ойлоп тапкыч окуучулары Малайзиядагы олимпиададан 9 медаль утушту

Бишкектин ойлоп тапкыч окуучулары Малайзиядагы олимпиададан 9 медаль утушту

Эл аралык олимпиадага 20 өлкөдөн барган 638 окуучу катышкан

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары Малайзия эл аралык жаш ойлоп табуучулардын VII олимпиадасынан (MIYIO — 2018) тогуз медаль утушту. Бул туурасында аталган лицейдин окуу жана тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Рустамбек Сатыбалдыев билдирди.

Олимпиада Малайзиянын Пенган шаарында 13-15-апрель күндөрү өткөн. Ага 20 өлкөдөн барган 638 окуучу 319 долбоор менен катышкан.

"Биздин лицейден 18 окуучу, эки-экиден команда болуп 9 долбоор даярдап барышкан. Жыйынтыгында эки алтын, бир күмүш жана алты коло медаль алышты. Мындан сырткары, 319 долбоордун ичинен калыстардын өзгөчө тандоосуна татыган беш долбоордун ичине биздин окуучулардын медицина боюнча бир долбоору да кирди. Бул абдан жакшы жетишкендик жана чоң көрсөткүч", — деди Сатыбалдыев.

Ошондой эле ал олимпиадага негизинен 9-10 класстын окуучулары катышканын, бирок 7-класста окуган Ильяз Талантбек уулу да долбоор даярдап барып 2-орунга ээ болгонун кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...