Акыркы макалалар

Исаков Ош базары көчүрүлбөй турганына ишендирди

Исаков Ош базары көчүрүлбөй турганына ишендирди

Ак үйдүн алдына митингге чыккан Ош базарынын сатуучулары менен өкмөт башчы Сапар Исаков жолукканын сатуучулар билдиришти.

Жолугушууда премьер-министр бир жума ичинде өрттөн зыян тарткан соодагерлердин маселеси чечилерин, Ош базары көчүрүлбөй турганын айткан.

Кийинки жолугушуу 24-апрелге белгиленди. Ал эми кенемте төлөө маселеси боюнча так маалымат айтылган эмес. Иков ошондой эле күйүп кеткен соода базары бир ай ичинде калыбына келтирилерин билдирген.

Эске салсак, бүгүн Ак үйдүн алдына Ош базарында чыккан өрттөн зыян тарткан сатуучулар митингге чыгышты.

Ош базарында чыккан тилсиз жоо 5400 чарчы метр аянтты каптаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...