Акыркы макалалар

Айылдыктар кенге кызыккан компаниядан шек санады

Айылдыктар кенге кызыккан компаниядан шек санады

Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургундары кварц кенине чалгындоо ишин жүргүзгөнү жаткан компанияга каршы чыгууда.

Кичи-Жаргылчак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак өзөнүндө кварц кени бар. Жергиликтүү тургундар ал жерде чалгындоо иши жүрөрүн он күн мурда, компания жолду оңдой баштаганда билген. Мындан улам чоочун адамдар эл менен эсептешпей, шектүү иштерди баштап жатат деп нааразы болушууда.

"БИРГЕЛЕШИП ИШТЕЙЛИ"

Кенди чалгындай турган “Ушба” аттуу компаниянын директорунун орун басары Гүлкайыр Урманбетованын айтымында, алар 135 гектар жердеги кенди чалгындоо үчүн лицензия алган.

Гүлкайыр Урманбетова 13-апрелде айылдагы маданият үйүндө өткөн жыйынга келип, жергиликтүү элди биргелешип иштөөгө чакырды:

- “Ушбанын” негиздөөчүсү Каракол шаарында туулган. Өмүр бою Кыргызстанда эле эмгектенген, бөлөк-бөтөн эмес. Анын колунда мындан башка да лицензиялар бар. Силер баарын алып кетип калат деп жатасыңар. Бирок биз кенди алгач изилдейбиз. Жолду тазалап, оңдоп, андан соң инвесторду алып келүү биздин милдет. Эгер кварц кени чыгып калса, кайра лицензия алып иштейбиз. Жол силерге эле калат.

Жыйында белгилүү болгондой “Ушба” компаниясы жоопкерчилиги чектелген уюм катары 2015-жылы түзүлгөн. Компания Каракол шаарынын жашоочусу Юрий Завардинге катталган.

"АЛТЫНДАН КЫМБАТ ӨРҮГҮБҮЗ БАР"

Бирок багбанчылык, дыйканчылык менен оокат кылган айыл тургундары буга ынанган жок. Алар кен ишке кирсе, мөңгү талкаланат, арык бүтөлүп суу келбей калышы мүмкүн деп чочулап жатышат. Жыйында сөз алгандар башка аймактарда болуп жаткан чыр-чатактарды мисалга тартышып, компанияны тынч жашоону бузбоого чакырышты:

- 18 миллион сом сарптап, жол салып жаткандан кийин бул жерде кварцтын чоң запасы жатат. Болбосо мынча акчаны фирма жөн эле чачпайт да. Силер бизге жолду жасап жатканда арыктарды бүтөбөйбүз деп кепилдик бере аласыңарбы? Биз тынч жашайлы. Алтынга тете алма-өрүгүбүз бар, кварцты жөн койгула,-деди айылдык кеңештин депутаты Урмат Акунов.

Анткен менен компаниянын иштешине кызыкдар тургундар да жок эмес.

Догдурбек Данкеев аттуу тургун кен ачылса, эл иш менен камсыз болуп, социалдык абал оңолмок деген үмүттө:

- Бизге пайдасы чоң эле болмок, Бул дагы бир келген ырыскы. Беш жыл болобу, 10 жыл болобу, жок дегенде 50 бала жумушка кирсе, канча пайда болот эле?

Кичи-Жаргылчактын айыл башчысы Сталбек Бакчиев да "кенди чалгындоо иши башталса, элге пайдасы көп болмок" деген пикирин билдирди.

Ал эми төрт айылдан турган айыл өкмөтүнүн башчысы, район акими жыйынга катышкан жок. Элдик жыйындын соңунда чогулгандардын басымдуу бөлүгү кенди чалгындоого каршы добуш берип, тарап кетишти.

Кварц - өндүрүштө жогорку сапаттагы оптикалык айнекти, электр жана радио техниканы, үн жеткирүүчү аппараттарды, зер буюмдарын жасоо үчүн колдонулчу минерал. Анын кени Бразилия, Мадагаскар, Орусия ж.б бир топ мамлекеттерде бар. Геологдордун айтымында, кварц чыккан жерде алтын да болушу ыктымал.

КЕН ЧЫККАН ЖЕРДИ ЧЫР УЯЛАЙБЫ?

Кыргызстанда кен казган компаниялар менен жергиликтүү тургундар тил табышпаган, чатакташкан учурлар далай жолу катталган.

Мындан улам өкмөт жакында эле кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен инвесторлордун чыр-чатактарын жөнгө салуу максатында атайын колдонмо даярдаган.

Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскулов "Азаттык" радиосуна соңку жылдары чыр-чатак кескин азайганын билдирген эле:

- Бизде 2011-2012-жылдары кендин казылышына эл каршы чыккан, компанияларга нааразы болгон учурлар катталган. Мындан улам жумуш токтоп турган 43 объект бар болчу. Геологдордун лагерлери талкаланган, техникаларын айдап кеткен, айдоочуларды сабаган учурлар болгон. Ошол кездеги жетекчи Дүйшөнбек Зилалиев баш болуп региондорду кыдырып баштаганбыз. Мисалы 2014-жылы эле Зилалиев аймактарды 63 жолу кыдырган, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Азыр деле жаңжалдар бар, жок деп айта албайм. Бирок жаңжал мурдагыдай эмес, каршы чыккандар 100 пайыз болгон учурлар жок. Көбүнчөсү колдойт. Анткени биз кен иштесе кандай пайдасы болорун биз түшүндүрүп бердик. Бирок эл арасында каршы чыккандар бар. Биз муну ачык айтабыз, ишти улантып жатабыз. Мисалы Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенинин ачылышын эл колдойт, бирок алардын арасында каршы пикир айткандар бар. Ошон үчүн биз иштеп жатабыз.

Тоо-кенчилердин кесиптик кошуунунун жетекчиси Элдар Тажибаев инвестор менен элдин чатагын азайтуу үчүн мындай сунуштарды берген:

- Мисалы, биздин кошуун инвестор, жергиликтүү бийлик, аксакалдар, аялдар кеңеши, жаштар уюмдарынан турган жергиликтүү коомчулук менен үч тараптуу келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо гана кен чыккан жерде туруктуулукту камсыздаса болот. Эгер компания оңдоп берген көпүрө сел болгондо бузулуп калса, нааразылык чыгат. Бир кылка иш болбойт. Ошондуктан иш системалуу жүрүшү керек. Дегеле тоо-кен тармагы ачык-айкын болушу зарыл. Киреше-чыгашасы, жамааты, канчасы чет өлкөлүк жумушчулар, канчасы жергиликтүү жарандар, алардын маянасындагы айырмачылыктар, иштөө шарты тууралуу ачык маалымат берилүүгө тийиш. Кийинки жылга пландары кандай - ушундай сандардын баары ачык болушу керек.

Ушул тапта өлкөнүн кен чыккан айрым аймактарында инвестор менен элдин тиреши уланып келет.

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Тогуз-Тородо жүздөгөн адам жыйналып, жаңы салына баштаган фабриканын имаратын, курулушка пайдаланылган техниканы өрттөп салышты. Анда "буга чейин айтылган жергиликтүү тургундардын талап, мүдөөсүн бийлик укпай жатат" деген доомат айтылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...