Акыркы макалалар

Бишкектин 140 жылдыгына карата калаада көк бөрү боюнча турнир өтөт

Бишкектин 140 жылдыгына карата калаада көк бөрү боюнча турнир өтөт

Бишкекте 23нөн 28-апрель күндөрү көк бөрү боюнча турнир өтөт. Иш-чара Бишкектин 140 жылдыгына арналган. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Биринчи орун үчүн Сары Өзөн, Кара-Балта, Арашан, Төш булак, Четинди, Көк жал, Аафият, Эмгек талаа, Долон, Кеңешбек Ата жана Бакубат Талас (Мурас) курамалары ат салышат.

Мелдеш “Ак Кула” ат майданында өтөт.

Белгиленгендей, калаа тургундары жана коноктору иш-чарага акысыз кире алышат.

Ушундай эле турнир 4-9-май күндөрү Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтөт. Курамалар 25-апрелге чейин билдирүү калтырышса болот.

Эске сала кетсек, быйыл Бишкек өзүнүн 140 жылдыгын белгилейт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...