Акыркы макалалар

Кыргызстанда бир жумада 15 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Кыргызстанда бир жумада 15 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Кыргызстанда бир жумада, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын 7нен 12-апрель күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 15 миң 541 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен – 134ү унааны мас абалында башкарышкан, документтери жок унаа башкаргандарга карата – 228 административдик протокол түзүлгөн.

Андан соң;

-Жогорку ылдамдыкта айдоо– 2 миң 905;

-Жол белгилерин сактабоо – 3 миң 878;

-Коопсуздук куру жок – 4 миң 406;

-Жолдо тоскоолдук жаратуу – 1 миң 368;

-Жарыктандыруу жабдыгы мене жүргөн- 1 миң 666;

-Башкаруу маалында уюлдук телефон колдонуу– 3 миң 21;

-Жол чыракка баш ийбөө – 541;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 525 унаа токтотулган.

КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...