Акыркы макалалар

Ордо оюну боюнча университеттер аралык мелдеш аяктады

Ордо оюну боюнча университеттер аралык мелдеш аяктады

Ордо оюну боюнча республикалык университеттер аралык мелдеш аяктады. Мелдеш 13-апрелден 15-апрелге чейин Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун 79-мектебинде өттү.

Ага сегиз Жогорку окуу жайдын командасы катышып, эки тайпага бөлүнүп күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин курама командасы 1-орунду ээледи. Алар финалда Исхак Раззаков атындагы окуу жайдын курамасын утуп, жеңүүчү болду.

Үчүнчү байгелүү орунду ОшМУ командасы утуп алды. Жеңишке жеткен командаларга республикалык Жаштык борбору тарабынан медал, кубок жана спорттук кийимдер тапшырылды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...