Акыркы макалалар

Кыргызстанда үч абакты жоюу сунушталды

Кыргызстанда  үч абакты жоюу сунушталды

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы №35, 37 жана 48 жаза өтөө абактарын жоюуну сунуштады. Бул долбоор коомдук талкууга коюлду.

Аталган кызматтын кабарлашынча, бул абактардын аймагы тар жана инфраструктурасы өнүкпөгөндүктөн, кылмышкерлерди ал жерде кармоо көйгөй жаратып келет. Мындан тышкары, абактын 50%ы гана колдонулууда.

Эгер бул долбоор ишке ашса, №35 жана 37 абактар №32 абактын карамагына өтөт. Ал эми №48 абак №26 абакка өткөрүлөт.

Жоюлган мекемелер “пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык күч органдарынын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү үчүн колдонулат. Аталган мыйзам 2019-жылдан тарта ишке кирет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...