Акыркы макалалар

Жапондор Нарынга алтындан кымбат белек берди

Жапондор Нарынга алтындан кымбат белек берди

Фото: арын облусттук ооруканасындагы гемодиализ жабдуусу

Жапониядагы “Токуда” коомдук фонду Нарын облустук ооруканасына алты гемодиализ жабдуусун тартуулады.

Фонддун директорлор кеңешинин төрайымы Мари Токуда, "Кыргыз Кагошима" достук бирикмесинин директору Симуеши Омуре жана кыргыз-жапон ишкерлик кеңешинин жетекчиси, 2011-2015-жылдары Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеген Рысбек Молдогазиев "Азаттык" радиосуна маек куруп, бул жардамдын түпкү максаты тууралуу айтып беришти.

"Азаттык": Мари айым, менин биринчи суроом сизге. Нарын облустук ооруканасында гемодиализ бөлүмүнө канча жабдуу белек кылдыңыздар жана эмнеге Нарынды тандап алдыңыздар?

Мари Токуда: Мындай иштердин баары Кагошима префектурасындагы Ибусуки шаарынан башталды. 2011-2012-жылдары аталган жерде кыргыз-жапон достугун чыңдоо үчүн "Кыргыз-Кагошима" аттуу достук бирикмеси түзүлгөн. Анын төрагасы, Кыргызстандын Жапониядагы ардактуу консулу Масахару Мидзусако жакын досу, тилектеши Симуеши Омуре мырза менен чогуу Кыргызстан менен байланышты чыңдап, ынтымакты бекемдейли деген максат коюшкан.

Ошол кезде Жапонияда Кыргызстандын элчиси болуп иштеп жүргөн Рысбек Молдогазиев менен чогуу Жапониядагы медициналык жаатта иш алып барган "Токушукай" аттуу корпорация менен жолугушууга барышкан.

Анда Кыргызстанга жапон-кыргыз ооруканасын куруу маселеси көтөрүлгөн. "Токушукай" корпорациясы алгачкы кадам иретинде Кыргызстанга 10 гемодиализ жабдуусун белекке берерин билдирген.

"КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР АЗ ЖАШАЙТ ЭКЕН"

"Азаттык": Симуеши Омуре мырза, чындыгында Кыргызстанда гемодиализ проблемасы абдан курч. Буга чейин жүздөгөн, миңдеген кыргызстандыктар жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекке туруп келген. Сиздер бул көйгөйдү билген үчүн жабдууларды белек кылалы дедиңиздерби?

Симуеши Омуре: Кыргызстанга алгач ирет 2011-жылы биздин бирикменин жетекчиси Мидзусако менен чогуу келгем. Ошондо өлкөнүн экономикалык, саламаттык сактоо тармагындагы иштер менен жакындан таанышканбыз. Бул жактагы элдин жашоо-шартын, ошого жараша элдин абдан аз жашарын көрдүк. Ушундан улам Кыргызстандын саламаттык секторуна өз салымыбызды кошкубуз келди.

Андан кийин 2013-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Токиого иш сапар менен барганда да биздин ассоциация кыргыз медицинасына кол кабыш кылса болоруна ынандык.

"Токушукай" корпорациясынын президентинин жубайы Хидеко Токуда айым менен жолугушуп, Кыргызстанга Болгариянын София калаасындагы жапон-болгар ооруканасындай клиника куруу идеясын сунуштадык.

"Токуда" фондунун жетекчиси Турау Токуда бул ишти мезгил-мезгили менен ишке ашырууну сунуштады. Башкача айтканда, "алгач акысыз гемодиализ жабдуусун берели" деди. Бул фонд дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан көп өлкөлөрүнө ушундай жабдууларды тартуулап, ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырганын көрдүм.

Алгач биз Кыргызстанда гемодиализ жабдуулары кантип иштетилет, ал канчалык пайдалуу, долбоорду ишке ашыруу системасын көргүбүз келди.

"НАРЫНДАН МЫКТЫ АДИСТЕРДИ ЖОЛУКТУРДУК"

"Азаттык": Мари айым, "Токуда" фондунун ишмердигине токтолуп өтсөңүз. Ошондой эле дүйнөнүн дагы кайсы өлкөлөрүнө жардам бересиздер?

Мари Токуда: Биринчиден, биздин фонд өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жасалма бөйрөк жабдууларын акысыз берип келет. Африканын 15 өлкөсүнө, Монголияга жибердик. Бул долбоор аркылуу медициналык жайлардын деңгээлин көрөлү дедик.

Белгилей кетчү нерсе, Нарындагы ооруканада иштеген адистер абдан мыкты экен. Мен өзүм да дарыгермин. Башында долбоорубуз иштебей калсачы деп чочулап жаткам. Оорукананын жетекчилиги менен баарлашып, акыбалды жеринен көргөндөн кийин шек санабай калдым.

Диализ жабдуулары менен камсыздоо өлкөнүн медицина тармагы үчүн өтө маанилүү. Кыргызстан Жапониядан алыс жайгашкан. Нарындагы ооруканада башкы дарыгер менен жолукканымда ал жаш адистерди ишке тартууга кызыкдар экенин айтты. Бул жабдуулар менен кантип иштеш керек экенин мындан ары медайымдарга, дарыгерлерге окутуп турмакчыбыз.

"ОРТОК ООРУКАНА КУРУУ ТИЛЕГИБИЗ БАР"

"Азаттык": Омуре мырза, азыркы тапта кыргызстандык бир топ бейтаптар, анын ичинде акчасы барлары чет өлкөгө барып дарыланып жатышат. Жапонияда медициналык туризм кандай өнүккөн? Бейтаптар барып дарылана алабы?

Симуеши Омуре: Биз Кыргызстанга заманбап, мыкты технология менен жабдылган оорукана курууну тилек кылганбыз.

Медициналык туризмге келсек, азыркы тапта Жапонияга кытайлык бейтаптар барып дарыланып жатышат. Албетте мунун баары жеке менчик медицина аркылуу ишке ашат. Ошондуктан Кыргызстанга оорукана куруу менен жакынкы чет өлкөлүктөрдү өлкөгө алып келип, жапон стандартындагы медициналык тейлөөнү да ишке ашырса болот деп ойлойм.

"ЖАБДУУЛАРДЫ АЛЫП КЕЛҮҮ ОҢОЙ БОЛГОН ЖОК"

"Азаттык": Кыргызстанга чет жактан гемодиализ жабдуусун алып келүү абдан чоң түйшүктү жаратса керек. Кандай кыйынчылыктар болду?

Рысбек Молдогазиев: Башында "Токушукай" медициналык корпорациясы тууралуу бир-эки сөз айта кетүүгө уруксат бериңиздер.

Бул корпорациянын негизинде "Токуда" аттуу коомдук фонд түзүлгөн. Фонддун негиздөөчүсү Токуда Торау Жапониянын парламентинин мурдагы депутаты болгон. Абдан иштерман адам, дүйнөдө ким болбосун, социалдык статусуна карабай медициналык жардам алышы керек деген принципти бекем карманат. Жапониянын өзүндө эле 71 менчик оорукананы негиздеген. Чет өлкөлөрдө да элди акысыз тейлеген оорукана курууга умтулуп келет.

Ал эми "Кыргыз-Кагошима" ассоциациясын негиздеген Масахару Мидзусако Кыргызстанга келип көргөндөн кийин биздин өлкөнү сүйүп калган экен. Ушундан улам ал кыргыз-жапон ымаласын өнүктүрүү жаатында бир топ иш-аракеттерди жасап жүрөт.

Эки адамды өкмөт башчы Сапар Исаков бул ирет Кыргызстандын ардак грамотасы менен сыйлады. Муну мен абдан туура чечим катары баалайм. Ал эми гемодиализ жабдууларын Кыргызстанга алып келүү чындыгында өтө көп убакытты алды. Жапондук досторубуз Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге абдан көп ишти аткарды десек болот.

Эми мындан ары Нарын облустук ооруканасында гемодиализ борбору жакшы иштеп кетиш үчүн биздин адистер аракет кылат деп ишенем.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...