Акыркы макалалар

Аракты сиңирип кетээр алыңды билип ал. Окумуштуулардын изилдөөсү

Аракты сиңирип кетээр алыңды билип ал. Окумуштуулардын изилдөөсү

Адамдын саламаттыгына жетиштүү, андан ашырбаш керек деген көлөм — аптасына ичилген 100 грамм таза спирт экени айтылды.

Британиянын жүрөк оорулар фондусунун жүргүзгөн изилдөөлөрүндө окумуштуулар ичкиликтин адамдын ден соолугуна зыян келтирбей турган көлөмүн аныктап чыккан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адамдын саламаттыгына жетиштүү, андан ашырбаш керек деген көлөм — аптасына ичилген 100 грамм таза спирт экени айтылды. Бул салыштырып карай келсек, күчтүү беш кружка сыра же 875 миллилитр шарапка (кубаттуулугу 13 пайыз) барабар дешти.

Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, эгерде мындан эки эсе көп ичсе, өмүр 1-2 жылга кыскарат экен. Эгерде 2,5 эседен дагы көбүрөөк ууртап-татса жашоонун 4-5 жылы кетерин маалымдалды.

"Башкысы, бул изилдөө эмнеге басым жасап жаткандыгында. Эгерде арак-шарап ичип жүрсөңүз, аны азайтыңыз. Муну менен сиз жүрөк-кан тамыр ооруңузду басаңдатасыз", — деди Кембридж университетинин изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Анжела Вуд.

Окумуштуулар иш учурунда дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 600 миң адамдын жүрүм-турумун, адаттарын изилдеген.

Илимпоздор буга чейин аракечтиктен арылуунун жаңы жолун тапканын айтышкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...