Акыркы макалалар

БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын резолюциясын кабыл албай койду

БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын резолюциясын кабыл албай койду

Бүгүн Россия Сирия мамлекетине АКШ жана анын тарапташтарынын агрессиялык кыймылын талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүгө чакырган.

Россиянын Сирияга карата жасалып жаткан агрессияны токтотуу резолюциясы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, 14-апрелге караган түнү АКШ, Франция жана Улуу Британия Сирияга чабуул жасап,бир нече ракета учурган. Вашингтон бул кадамды “Сириянын Дума шаарына жасалган химиялык чабуулуна жооп” деп түшүндүрдү.

Бүгүн Россия Сирия мамлекетине АКШ жана анын тарапташтарынын агрессиялык кыймылын талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүгө чакырган.

Анда резолюцияны кабыл алууга Россия, Кытай менен Боливия макул болгон. Сегиз мамлекет каршы пикирин билдирсе, дагы төрт өлкө калыс экенин айткан.

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Сирияга кол салган мамлекеттер эл аралык укуктун маанисин бурмалап жатканын белгиледи.

“Эл аралык укукка үстөмдүк эле кылбастан, силер аны кайра жазып чыгууга аракет кылып жатасыңар. Эл аралык укукту бузсаңар да өз аракетиңердин мыйзамдуу экенин таңуулоодосуңар”, — деди ал.

Небензя АКШ, Британия жана Франция дүйнөлүк саясат менен дипломатияны өздөрү эле ойлоп тапкан уламыш сазына батырып жатканын, минтип кете берсе абсурдга чейин жетерин белгиледи.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...