Акыркы макалалар

Бродский - поэзиянын жалгыз жорткон бөрүсү

Бродский - поэзиянын жалгыз жорткон бөрүсү

Иосиф Бродский. Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты. 1987-жылы 22-октябрда Нобель сыйлыгы ыйгарылганын эшиткенде, акын "сыйлык орус акыны, Америка жаранына берилди" деп айткан.

Иосиф Бродский 1972-жылы 4-июлда мурдагы СССРден кеткенден тартып, анын ырларына жана ысымына өлкөдө табу жарыяланган.

Ошон үчүн советтик басма сөз Бродскийге Нобель сыйлыгы берилгенин эки жумадан кийин гана жазган.

Ал учурдагы эң либералдуу эсептелген “Московские новости” жумалыгынын кабарчысы Чыңгыз Айтматовдон “Нобель сыйлыгын жазуучу Бродскийге ыйгаруу боюнча чечимди кандай баалайсыз?” деп сураганда, кыргыз совет жазуучусу мындай жооп берген:

- Өзүмдүн жеке пикиримди айтайын. Тилекке каршы, мен аны менен тааныш эмес болчумун. Бирок аны советтик поэзиянын көчүн баштаган: Евтушенко, Вознесенский, Ахмадулина катарындагы алдыңкы топко кошмокмун. Балким (бул менин жеке оюм), анын ырлары биздин өлкөдө жарыяланат. Эгер акын окурмандардын тар чөйрөсүнө белгилүү болсо, бул бир нерсе. Акынды массанын билгени - такыр башка нерсе.

Бүгүн деле Иосиф Бродскийдин ырлары, эсселери, пьесалары жана котормолору кыргыз адабий күйөрмандар чөйрөсүндө кеңири белгилүү эмес. Эмне үчүн? Анын себеби тууралуу акын, жазуучу, журналист Олжобай Шакирдин пикири:

- Иосиф Бродский советтик режимдин курмандыгы болуп келгенинен улам орус адабиятынын өзүндө деле анын чыгармачылык асманын ачып берген адам - акын өзү болду. Ал жөнүндө сөз кылбай коюу да мүмкүн эмес эле. Бродский булуттун алдына жашынып калбай турган, өтө жаркыраган, балбылдап жанган жылдыз болгон үчүн өзүн өзү өчүрүп коё алган жок. Акындыгынан сырткары да турмушка болгон философиялык мамилеси эсселеринде туюлуп жатпайбы! Анан да адабиятка болгон мамилеси, Пушкинден баштап Цветаева, Ахматованын чыгармачылыгына чейин жиликтеп берген адабиятчылык кудурети дагы котором деген адамдарды бир топ абдыратып койду болушу керек...

Иосиф Бродский 1940-жылы Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) туулуп, 1996-жылы Нью-Йоркто көз жумган. Сөөгү өзүнүн керээзине ылайык Венецияга коюлган.

Ал дүйнө салган кезде паспорттогу ысымы Йозеф Бродски (Joseph Brodsky) болчу. Акын-эссеистин аты-жөнүнүн эки башка жазылышы швед адабиятчысы Бенгт Янгфельдт (Bengt Jangfeldt) баамдагандай, XX кылымдагы орусиялык адамдардын биринин абдан катаал жана драмалуу тагдыры жатат.

БРОДСКИЙДИН МЕКТЕБИ

Болочокто дүйнөгө аты таанылчу акынга 5-класста берилген мүнөздөмөдөн: “Өзүнүкүн бербеген өжөр, тырышчаак, жалкоо. Жазуу боюнча тапшырмаларды абдан жаман аткарат же такыр эле аткарбайт, орой, тентектик кылат, сабак өткөргөнгө тоскоол болот. Дептери таза эмес, булганыч, ар түрдүү жазуулар жана сүрөт тартылган. Жөндөмдүү, отличник боло алат, бирок аракеттенбейт”.

Иосиф Бродский 7-класстын жыйынтыгы боюнча төрт сабактан эки алат, анын бири англис тилден. Ошого ал 7-класста эки жыл окуйт. 8-классты бүтүп-бүтпөй, өз ыктыяры менен жумушчу болуп кетет.

1956-1963-жылдары жумушун 13 жолу алмаштырган. Бул фактылар ырлары Ленинграддын адабий чөйрөсүндө оозго алынып калган Иосиф Бродскийди “бекерпоз” деп беш жылга кесилип, Архангельск облусуна айдалуусуна негиз болот.

1964-жылдын 18-февралында Ленинграддын Дзержинский райондук сотунда болгон сот жараянын протоколу - судьянын саясий буйрутманы аткарам деп дөдөйгө айланып калганын, ал эми жөнөкөй жарандын бийлик алдында койдой момун болууга аргасыз экенин айкын күбөлөйт.

Судья: Деги сиздин кандай кесибиңиз бар?

Бродский: Акын, акын-котормочу.

Судья: Сиздин акын экениңизди ким тааныды? Сизди акындардын катарына ким кошту өзү?

Бродский: Эч ким. Мени адамзаттын катарына ким кошту?

Судья: Сиз муну окудуңузбу?

Бродский: Эмнени?

Судья: Акын болушту? Акындарды даярдачу, окутчу жогорку окуу жайды бүткөнгө аракет кылдыңызбы?

Бродский: Ойлогон эмесмин... Мен окуп акын болот деп ойлогон эмесмин.

Судья: Анан кантип болот?

Бродский: Менин оюмча, ... акындык Теңир берген өнөр...

Сотто адвокат айткандай, Бродскийди күнөөлөгөн күбөлөрдүн бири да аны билбеген, анын ырларын окубаган” адамдар болгон. “Айыптоочу күбөлөр түшүнүксүз жолдор менен табылган жана текшерилбеген документтердин негизинде көрсөтмө беришкен.

Мындайды, театрда фарс деп атайт. Бродскийдин үстүнөн 54 жыл мурда болгон берегидей сот жараяндары бүгүн да экс-советтик коомдо уланууда. Жашоонун маңызын минтип фарска, комедияга айлантуу өкүмдарлардын жана бийликтегилердин карт замандан бери келаткан дарты, оорусу экенин Иосиф Бродскийдин 1960-жылдардын башында жазган “Гладиаторлор” деген ырынан да көрөбүз.

О дүйнөдөн кезиккенче,

коштошолу.

Мөөнөтүбүз келди бейм.

Не демекпиз?

Биз жеңбедик.

Көз жумабыз жакында.

Ошол артык:

калгычакты ташжалак –

ичкиликтен, катындан.

... Римдиктердин

чындыгы, байлыгы үчүн

киндик тамган мекенден

айрылыппыз бекерден,

Төбөсүндө Колизейдин

ошол эле

көк асманы мекендин.

Бизге бирок

бул мүшкүл –

үшкүрүнөр мүшкүлбү?

Тек шор тагдыр

кыязы,

так ушуга туш кылды.

Отургандар көрүшсүн.

Биз беттешип эрөөлдө –

мөртү келди өлүштүн.

Элге кызык канбулоон.

(Олжобой Шакирдин котормосу).

БРОДСКИЙДИН КӨРКӨМ ТАБИТИ

Иосиф Бродский жаш кезинде өз муунундай адабий ийримдерге барып, ыр жазганды үйрөнгөн эмес. 16 жашында окуган биринчи поэтикалык китеби Саадинин “Гүлистаны” ага жаккан эмес. Бирок Самуил Маршак которгон Роберт Бернстин ырларын жактырып окуган. 17 жашынан тартып поэзияны такай окуган жана сүйгөн ырларын жеңил эле жаттап алган.

Жаш кезинде Ленинграддагы Жданов атындагы университеттин студенттери менен чогуу Йенс Есперсендин “Философия грамматика” эмгегин, о.э. Чыгыш жана Европа философиясынын тарыхын казып окуйт. Эң мыкты делген орус энциклопедиясы - Брокгауз менен Ефрондун “Энц.сөздүгүн” өмүр бою таштабай окуйт. АКШда ага “Encyclopedia Britannica” кошулат.

Баратынскийдин талантын Пушкинден жогору койгон. Орус поэзиясынан Марина Цветаеваны, Борис Пастернакты, Иосиф Мандельштамды, Анна Ахматованы, Батыш поэзиясынан Райнер Мария Рилькени, Уистен Хью Оденди, Константинос Кавафисти, Роберт Фросту баарынан артык көргөн. Ал эми Евгений Евтушенко, Андрей Вознесенский, Роберт Рождественский сыяктуу ысымы советтер союзуна аттын кашкасындай таанымал замандаштарын чанган. Ушунун өзү Иосиф Бродский поэзияда өз жолун издеген жана коомдо калыптанган даңгыр жол менен жүрбөгөн инсан экенин жышааналайт. Ал үчүн өжөр да, териси калың да адам болуу керек.

Иосиф Бродскийди орус акын-жазуучусу, Орусиянын Вяземский атындагы адабий сыйлыгынын биринчи лауреаты, журналист Игорь Померанцев мындай мүнөздөдү:

- Билесизби, Иосиф Бродский өз замандаштарынын ичинен Евгений Евтушенкону баарынан жек көргөн. Орус поэзиясында, орус (адабий) сынында, орус адабиятында эң көп кодонулган “Поэт в России больше чем поэт” деген цитата дал Евтушенкого таандык. Ушул сап, ушул формула Бродскийге өтө бап келет. Анткени, Бродский бир эле учурда образ да, акын да. Кандай образ? Бул - эркин ой жугумдуу инсандын образы, бул - эркин ойлонгон акындын образы, бул - советтик эрежелерди, инструкцияларды, институцияларды анча элес албаган акындын образы. Ал - эркин адам болгон. Бул албетте, магниттей кубаттуу образ. Себеби, бизди эркиндик мас кылып, бийлеп алат. Мындан тышкары Бродский-акын жана эссеист; англис жана орус тилинде жазган англис эссеисти. Бул бири-бирине коошпогон эки башка өнөр.

(Иосиф Бродский "Воротишься на родину..." деген ырын өзү окууда)

"ИМПЕРИЯЧЫЛ АКЫН"

Игорь Померанцев Иосиф Бродскийди жаңычыл же новатор акын деп эсептебейт. Бирок да поэзия дүйнөсүндө Бродскийдин өзүнө таандык чыйыры бар экенин баса белгиледи:

- Бродскийдин орус поэзиясынын алкагынан алып караганда, мен аны новатор акын деп айта албайм. Мен аны салттын улантуучусу, бирок өзүнө таандык чыйыры бар акын деп айтмакмын. Деген менен ал салган чыйыр жол орус поэзиясынын парадигмасынан чыкпайт. Бул кандай чыйыр?

Биринчиден, ал жалкы адам болчу. Ал жалгыз жүргөн бөрү болчу. Сиз поэзиядан анын карышкырдыкына окшош жаак сөөктөрүн, оттой жанган көздөрүн дапдаана көрөсүз. Ал таш боор, мээримсиз. Бул орустардын салтына каршы келет. Анын эң чоң эмгеги жана эң чоң жаңылыгы - мына ушунда. Анын поэзиясы бир да адам башка бирөөгө жардамдаша албайт дейт; жалгыздык - жашоого бышкан адамдын нормалдуу абалы дейт. Ушул жактан алганда Бродский орус поэзиясынын салтын бузат. Көркөм стилине кайрылсак, ал накта орус, империячыл акын. Ал петербурдук акын; мага анын поэзиясы Петербургдун проспекттерин эске салат. Ал өзүнүн айрым бир ырлары жана тулку-турпаты боюнча империячыл экенин ачык көрсөттү. Мисалы, “На Независимость Украины” деген опурулма ыры. Сыягы, ар кимде эле сыймыктандырганга катар бетине көө сүйкөчү ырлары болот. Ошентсе да, биз акынды эмгегине жараша баалайбыз.

Иосиф Бродскийдин бөрү мүнөзүн ачкан дагы бир окуяга токтоло кетейин. Сүргүндөн жаңы кайтып келген Бродскийди санаалаштары атактуу “Новый мир” журналынын башкы редактору Александр Твардовский менен жолуктурушат. Дасыккан акын жаш калемгерге “Сиздин ырларыңызда сиз башыңыздан өткөргөн нерселер чагылдырылбаптыр”, - деп, поэзия тууралуу сүйлөшкөнү үйүнө конокко чакырат. Ошондо отуздун кырындагы Иосиф “кереги жок” деп жооп берет.

АНДА ЭМНЕГЕ ПУШКИНГЕ АЙКЕЛ “ТУРГУЗДУ”?

Бродский кайсы бир маегинде “Менин оюмча, Баратынский Пушкинге караганда олуттуу (акын). Албетте, булардын деңгээлинде, мындай бийикте иерархия жок” деп, Баратынскийди Пушкинден жогору баалайт. Мунун себеби Бродскийдин поэзияга келүүсүнө Баратынский түрткү бергени менен да түшүндүрсө болот.

Ленинграддык акын досторунун бири Евгений Рейндин “Ыр жазууга эмне түрткү болду?” деген суроосуна 1959-жылы Якутскиде эки жума туруп калып, китеп дүкөндөн Баратынскийдин бир томдук жыйнагын сатып алып, китепти окуп чыккандан кийин “эмне менен шугулданганды түшүндүм” деген Бродский.

Ал Баратынскийди Пушкинден жогору бааласа да “Пушкинге айкел” деген ырды жазат. Бул ырга эпиграмма кылып өзү өтө сыйлаган орус акыны Эдуард Багрицкийдин “Пушкинге айкел” деген патетикалык мазмундагы ырынан «... Пушкин деле кулаган/көк урчуктуу кар үстүнө» деген сапты алган. Азыр Иосиф Бродскийдин "Пушкинге айкел" деген ыры Олжобай Шакирдин котормосунда:

«... Пушкин деле кулаган

көк урчуктуу кар үстүнө...».

Э. Багрицкий.

... Үнсүз, сөзсүз. Кулак мурун кескендей.

Жаңырыктап.

Анан чарчоо.

... Өз ырларын

кан-тен менен бүтүрүп,

жазданды алар топурак.

Абай, аяр караган

акылына сыйбас бул иш алардын.

Селейгендер эси эңгиреп калышты.

Үмүт артып үстүрт тиктеп талышты,

Буурул чачтуу чилистенбиз дегендер.

Көктө жылдыз титирейт ыр созгону,

Шамал дагы токтой калып боздоду...

Бопбош гүлзар.

Бороон муңзар.

Эп-ээн гүлзар.

Акынга айкел.

Бопбош гүлзар.

Бороон муңзар –

Чаалыккан баш жер тиктеп.

... Таш үстүндө курусун

айкел болуп катканың.

Андан көрө мындай түнү төшөктө,

артык деймин ооналактап жатканың.

БРОДСКИЙДИН МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Иосиф Бродский жөнүндөгү эң мыкты деп эсептелген эмгектин автору, акындын жакын досторунун бири Лев Лосев.

Ал “Иосиф Бродский. "Опыт литературной биографии" деген эмгегинде жазгандай, “Бродский өз тегин еврей деп эсептегени менен, аны тили жана маданияты боюнча орус акыны деп атаса болот. Мүнөзү боюнча жеткен индивидуалист, этикалык түшүнүгү жагынан инсандын жеке укугун аябай аздектеген персоналист, адамдарды расалык же этностук негизде бөлүүнү жининдей жек көргөн” деп жазган.

Ал эми Игорь Померанцев акын-эссеисттин алдагыдай образы анын эл аралык эң кадыр барктуу сыйлыкты алуусуна огожо болгон деген ойдо:

- Сиз Бродскийдин дүйнөлүк атак-даңкы жөнүндө сөз кылдыңыз. Албетте, Бродскийдин мен маегибиздин башында айткан образы болбосо, ал эч качан Нобель сыйлыгынын лауреаты болмок эмес. Бул эң барктуу эл аралык сыйлыкты алуусуна Бродскийдин англис жана башка тилдерге которулган эсселери эбегейсиз роль ойноду. Эсселер ал мыкты интеллектуал экенин айгинеледи. Бирок ал өзү жазган эсселерде акын бойдон калат. Мына ушуну эске алышты, баалашты.

АКЫНДЫ ЖАРМА ПАТРИОТТОР ЭМНЕ ҮЧҮН СҮЙҮП КАЛДЫ?

Иосиф Бродскийдин ысымы бир кезде советтик жетекчиликтин итиркейин келтирсе, бүгүнкү Орусияда мекенчилдердин сүйүктүү акыны экенин айтты Игорь Померанцев:

- Англис тилине которулгандар жөнүндө айтсак, поэзиянын бардык котормолору суроо туудурат. Анткени ар бир поэзиянын өзүнүн нерв системасы бар, нерви бар. Орус поэзиясынын нерв системасы башка бир да элдин поэзиясына окшобойт. Бирок, бул көйгашка жазуучу экенин эсселери далилдеди. Ошон үчүн Бродскийге жанагыдай даражасы улук сыйлыкты ыйгарышты. Бүгүн Орусияда Бродскийдин кадыры өтө бийик. Биринчиден, ал эркин, калыпка сыйбаган, теңдешсиз акын катары белгилүү. Ушу чакта мамлекеттин көз карашын билдирген адамдар Бродский менен сыймыктанышат же болбосо, Бродскийди сүйгөнүн ачык айтышат. Себеби, мен мурда айткандай, анын Украинанын төбөлсүздүгүнө арналган ыры мамлекеттин көз карашына дал келет. Ошого ал абсолюттук чемпион. Бродский тууралуу көзү тирүүсүндө бир сөз айтпаган адамдар бүгүн ал жөнүндө, анын өмүрү жөнүндө макала жазып жатышат. Болгондо да аны макташып жазышууда. Ал өзү тууралуу “Жизнь замечательных людей” түрмөгүндө чыккан китепти көрсө, таң калмак. Бул китепти сыпаа айтканда мамлекетчил, орой айтканда, орус шовинисти жазган.

ОЛЖОБАЙ БРОДСКИЙДИ КАНТИП КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТТҮ?

Биз башта сөз кылгандай, мурда Нобель сыйлыгынын лауреаты Иосиф Бродскийдин ырлары, эсселери жана пьесалары кыргыз тилине которулган эмес. Акындын сарказм, эки-үч кабат маани, тээ байыркы грек, рим поэзиясына чейинки салыштыруулар “катылган” жана биз көнгөндөй рифма толук сакталбаган ырлары өзү котормочу түгүл окурмандан да жакшы даярдыкты, бир аз эрудицияны талап кылат.

Мындай талап-шартка, менин ишенимимде, Олжобай Шакир которгон “Гладиаторлор”, “Пушкинге айкел” жана “Октябрың – оору, куса жүгү бар” ырынан үзүндү толук жооп берет. Эгер буга макул болбосоңуз, үч ырдын оригиналын кыргызча котормосуна салыштырып окуп көрүңүз...

ТООНУН ЫРГАГЫНА КЕЛБЕГЕН САПТАР

- (Иосиф Бродскийдин поэзиясын) которууга деле батына албайт экенсиң, - деп түшүндүрдү Олжобай Шакир.

- Татаал көрүнө берет экен улам-улам эле... Ошого (анын поэзиясын) бою-башыңа сиңирмейин, жөн эле рифманы кубалап же ыргагын сактап эле которуп коём десең, андан башка да маселеси бар экен. Ошол түйшүктөн улам буга чейин (кыргызча) которулбагандыр... Биз, кыргыздар, түйшүк тарткыбыз келбейт. Бродский башка калибрдеги акын болгондуктан, мен Б. Пастернакты, М. Цветаеваны, А. Ахматованы которууга белсендим. Анын мүнөзү катаал эмеспи! Бунтардык мүнөзүн бериш үчүн котором деген адамдын өзүндө аңтар-теңтер кулк-мүнөз болуу керек го. Себеби адабиятта тууроочулук дегендин бир жаман жагы, бир жакшы таасири бар. Бродскийди кадам сайын туурабасаң дагы, ал бир багыт- ориентир болот экен адабиятта. Ал өзүнүн граждандык позициясын билген, дайыма бороон-чапкында акындык үнүн жоготпой турат. Акындын ошол мүнөзүн, туюмун котормодо кантип жеткизесиң? Акындын кулк-мүнөзүн жана маанайын бериштин өзү мага кыйла кыйындык жаратты.

Үзүндү (Октябрың – оору, куса жүгү бар)

Октябрың – оору, куса жүгү бар,

таранчылар – пролетариат түгү бар:

ээн очокко ээлик кылып жардана,

кудум уя институту Смольный.

Каргаларчы – карга деген карга да.

Ой-санаасыз куштар үчүн канаттуу

коркунуч жок кыш чилдедей азаптуу.

Түндүк жактык суук тумшук Икарга

алыс сапар кыйын канат ыргаган.

Чаңырыктай "карк" үндөр да шондуктан

жаңырыктай патриоттор ырдаган...

ПРОФЕССОР БРОДСКИЙ

Бир кезде англис тил сабагын эптеп окуп, эки алган Иосиф Бродский Америкада жашап жүргөн жылдары Мичиган, Нью-Йорк, Колумбия университеттеринде студенттерге англис тилинде дарс окуп, маяналуу профессор кызматында эмгектенген.

Ага Йел, Дартмут жана Оксфорд университеттеринин ардактуу профессору наамы ыйгарылган. Ага 1991-жылы АКШнын акын-лауреат наамы берилип, бир жылга 35 миң доллар стипендия да берилет. 1981-1986-жылдары генийлерге берилчү Макартур фондунан 40 миң доллардан стипендия чегерилет.

Бул сыйлык жана даражаларды берүүдө Иосиф Бродскийдин эссеисттик жана акындык талантынан тышкары да терең билими - эрудициясы эске алынганы шексиз. Ал үчүн Бродский окуткан студенттеринин биринин эскерүүсүндө жазгандай, аларга эки жылда окуганга 133 китептин тизмесин берет. Бул тизме “Бхагавад-Гита”, “Махабхарата”, “Гилгамеш”, “Тоорат” менен башталат.

Амирбек Азам уулу

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...