Акыркы макалалар

Кумтөр кенинде алтын казуу 10 жылга узарат

Кумтөр кенинде алтын казуу 10 жылга узарат

Кумтөр кенинде 7-8 жылда казып бүтүлө турган алтын калды. Бирок, “Центерра Голд” компаниясынын төрагасы Скотт Перри кошумча геологиялык чалгындоого 25 млн доллар бөлөөрүн айтты. Эгер чалгындоо иши ийгиликтүү аяктаса, алтын кендин өмүрү дагы он жылга узарат. Мындай маалыматты бүгүн премьер министр Сапар Исаков «Кыргызстан» фракциясына өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчётун угузуп жатып билдирди.

Жыйында депутат Алмаз Токторов «Кумтөр» кениндеги кырдаалга кызыгып, эгер «Кумтөр» токтой турган болсо, өлкөнүн ички дүң өндүрүмү кескин азая турганын билдирди.

Бул суроого экономика министри Артем Новиков жооп берип, «Кумтөр» кени өлкөнүн өндүрүшүнүн 43,8%ын түзөөрүн, мурунку жылы 47%ын түзгөнүн айтып өттү.

Эске салсак, Кумтөр кенинде алтындын кору 716 тоннадан ашат. Ишкана 1997-жылдан бери жылына 14 тоннадан 24 тоннага чейин таза алтын өндүрүп, жалпысынан ушул жылга чейин 354 тонна таза алтын ташып кеткен.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...