Акыркы макалалар

Нарын облусуна 70 млн долларлык инвестиция тартылат

Нарын шаарындагы “Хан-Теңгри” бизнес борборунда “Нарын –Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн” аталышындагы эл аралык инвестициялык форум өттү. Мындай форум Нарында үчүнчү ирээт өткөнү менен, биринчи жолу эл аралык жеке инвесторлордун келиши форумдун жаңылыгы болду. Алсак, форумга Польша, Германия, Орусия, Кытай сыяктуу мамлекеттерден инвесторлор келип катышты. Келген коноктор Нарын облусунун экономикалык жаатта өнүгүүсүнө карата өздөрү даярдап келген долбоорлору жана анын күтүүлөрү тууралуу маалыматтарды беришти. Эл аралык инвестициялык форумга ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков да катышып, форумдун жүрүшүнө өз баасын берди.

“Чет өлкөлүк инвесторлордун Нарында өткөн мындай иш-чарага келиши алардын Нарынга болгон кызыгуусунун арта башташын көрсөтүп турат. Аларды теңиртоо жергесине алып келүү, өзгөчө климаты бар регионду көрсөтүү жана алардын ишкана ачуусуна шарттарды түзүп берүү, бул абадан жагымдуу жаңылык. Форумдун соңунда кол коюла турган меморандумдар да айтылган иштердин аткарылышынан кабар берет. Маселен машина куруу заводунун курулушу Нарында оор өнөр-жайынын өнүгүшүнө шарттарды түзөт”,-дейт эл өкүлү. Мындан сырткары, депутаттын айтымында алыскы региондордогу Эркин экономикалык аймактар актуалдуу. ЭЭАтар жеке эле инвесторлор үчүн жеңилдик эмес, ошол өлкө үчүн жумушчу орун, экономикалык өнүгүүгө шарт түзүү, жеңилдетилген шартта даярдалган продукцияны экспорттоого жол ачуу. Мына ушул багыттан алганда КСДП партиясы ЭЭА боюнча мыйзам долбооруна демилгечилерден болгон. Мындан сырткары кен байлыктарды иштетүү боюнча мыйзамга да өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык кен байлыкты иштетүүдөн түшкөн каражаттын 2 пайызы жергиликтүү бюджетке калышы зарыл. Мунун баары Нарын сыяктуу алыскы региондорду көтөрүү болуп саналат.

Нарын облусунун дагы бир өзгөчөлүгү Кытайдын СУАР автономиялуу облусу менен чектеш болгондугу. Кытай өкмөтү бул районго 10 млрд доллар бөлүп, өздөштүрүү жүрүп жатат. “Кашгар” эркин экономикалык аймагын өнүктүрүү менен Нарын жолу аркылуу батыш рыногуна чыгууну көздөп жатышат. Демек эки тараптын тең максаты рынокко чыгуу болууда. Президенттин Кытайга болгон сапарындагы жетишилген маанилүү маселе, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба жана мал чарба продуктыларын Кытайга сатуу мүмкүнчүлүгү,-деп кошумчалады ЖКнын депутаты Ч.Турсунбеков. Ал белгилегендей мындай мүмкүнчүлүктөр ишке ашса алыскы региондор үчүн жакшы экономикалык өбөлгө болмокчу. Ал эми темир жол курулуп калса Нарын дубанынын экономикалык жанданышына шарт болот.

Форумга катышкан бир катар эксперттер Бажы союзуна кирбеген өлкөлөр каржы салганы тургандыгындыгын айтышты. Алардын айтуусунда өлкөнүн Бажы союзуна кириши Нарында ачыла турган ишканаларга кедергисин тийгизбейби деген чочулоолору бар. Ал эми эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков салынган инвестицияларга Бажы биримдигинин залакасы тийбей тургандыгын айтат. Себеби ал бул жерде иштей турган өндүрүш болот. Тескерисинче өнөр-жай ишке кирип калса, ал өндүргөн продукция бажы союзуна жеңил кетет. Бажы союзу менен иштешүүгө Кытай мамлекети даяр жана иштештип жатат. Негизги соода өнөктөштүн бири Кытай мамлекети. Менимче жаман жакты эле көрүүгө болбойт. Тескерисинче анын пайдалуу жактары көп болгон үчүн аттанып жатабыз,-деди Ч.Турсунбеков.

Ал эми экс-экономика министри Эмил Үметалиев бажы биримдигине каршы болгон серепчилердин катарында. Бажы биримдигине кирүүнүн пайдасынан зыяны көп. Ошондуктан эл да бажы биримдигине кирбөөнүн же анын жолун таап сүйлөшүүлөрдү узартууну мамлекеттен талап кылышыбыз керек. Биз жаңы билимден, жаңы технологиядан чектелгенибиз чоң ката деген пикирде. Ал эми мындай эл аралык форумдардын өтүшү жергиликтүү эл, келген инвесторлор менен кызматташканды үйрөнүп, өздөрүнүн талабын коргогонду үйрөнүшөт. Биринчи кадам инвесторлордон сунуш болсо, экинчи кадам өзүбүздөн болуш керек,-дейт Э.Үметалиев. Ошондой эле анын айтуусунда өзгөчө коңшу болуп турган Кытай мамлекети менен кызматташууну жоготпошубуз зарыл. Соодада биз Кытай, Казакстан жана Россия менен кызматташсак, саясатта эң үлгүлүү демократиялуу Япония, Америка, Европа сыяктуу мамлекеттерден адамга керектүү шарттарды, ыкмаларды үйрөнүшүбүз керек.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдиргендей Нарынга келе турган инвесторлорго өкмөт жана жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо болот. Ишканалар Нарын эркин экономикалык аймагына субьекти болуп кирсе көп жеңилдиктер берилет. Эгер “Нарын” ЭЭАна субьекти катары кирбесе бир жылга чейин салыктардан бошотуу жагы каралат. Ишканалар ачылса бизге утуш болот, жумуш орундары түзүлөт.

Эл арлык инвестициялык форумдун жыйынтыгында 2 тараптуу 5 меморандумга кол коюлду. Алардын бири польшалык “HONKER” унаа заводу. Инвестиция наркы 20 миллион АКШ долларын түзөт. Бул завод салмагы 5 тоннага чейинки жүк ташуучу, тез жардам, өрт өчүрүүчү жана айыл чарба техникаларын чыгарат. Бул завод Кочкор районуна курула тургандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Экинчиси, Кытайлык «LIANZHOG» компаниясы Кочкор айылында орун алып, бут кийим жана ага кошумча байпактарды да чыгарат. Бул ишкана буга чейин эле курулушун баштаган болчу. Компания курулушка 13 млн 200 миң долларын салат.

Ал эми үчүнчү меморандум Кытай Эл Республикасынын жаңы технологиядагы «YMC» Шаньдун компаниясы менен түзүлдү. Аталган компания облустун Ат-Башы аймагына минералдык сууларды жана жашылчалардын натуралдык сокторун чыгарууга 30 миллион доллар жумшоого даяр.

Дагы бир кытайлык «ЗЭТ» жоопкерчилиги чектелген коому да 5 млн доллар жумшап, минералдык сууларды чыгарууга кызыкдар.

Бешинчи меморандумда Нарын жана Кашкар Эркин экономикалык аймактарынын (ЭЭА) өз ара кызматташтыгы боюнча кол коюлду. Бул меморандумда Кашкар шаарында Нарын ЭЭАнын өкүлчүлүгүн ачуу, жыл сайын Нарын жана Кашкар шаарларында товарлардын жарманкелерин өткөрүп туруу, эки ЭЭАнын жалпы маалыматтык борборлорун ачуу белгиленген.

Ошентип чет элдик жеке компаниялардын Нарынга келиши менен облуска 70 млн долларлык инвестиция тартыла турганы инвест форумдун жемиши болду.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...